02.05.2024

Кароолор: (15)

БАТКЕНДЕГИ БАЗАРДА ИРЕТСИЗ СООДА КЫЛГАНДАР ЖЫЛДЫРЫЛДЫ

Бүгүн 2-майда Баткен шаарындагы базар айланасындагы иретсиз соода кылып, жөө жана унаанын жүрүшүнө тоскоолдук кылган соодагерлер Баткен шаарынын мэриясынын, муниципалдык департаменттин жана шаардык милиция кызматкерлери тарабынан жылдырылып, соода жайы жокко чыгарылды.

Бир канча эскертүүлөрдөн соң, бүгүн мыйзамсыз соода кылып жаткандардын жайы жокко чыгарылды.

Мындан ары бүгүнкүдөй рейд күн сайын өткөрүлүп, мыйзамга баш ийбеген соодагерлерге айып пул салынарын Баткен шаарынын мэриясы эскертет.