11.11.2025
Кароолор: (11)
БАТКЕНДИК ПАУЭРЛИФТЁРЛОР РЕСПУБЛИКАЛЫК КУБОКТРА ЖЕҢИШКЕ ЭЭ БОЛУШТУ
Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев пауэрлифтинг боюнча өлкөнүн ачык чемпионатында байгелүү орундарды багынткан шаар спортчулары менен жолугушту.
Машыктыруучу Сапарбай Курбанбеков жетектеген спортчуларды мэр ийгиликтери менен куттуктап, Баткендин намысын татыктуу коргоп, шаардын атын республика деңгээлинде даңазалагандыктары үчүн ыраазычылык билдирди.
2025-жылдын 1–2-ноябрь күндөрү өткөн Кыргыз
Республикасынын пауэрлифтинг боюнча ачык кубогунда Баткен шаарынын спортчулары төмөнкүдөй жыйынтыктарды көрсөтүштү:
• Айбек Мурзамитов – 83 кг салмакта 1-орун, ошондой эле абсолюттук биринчиликте 1-орун;
• Нурсултан Рахимов – 93 кг салмакта 1-орун, абсолюттук биринчиликте 3-орун;
• Руслан Орозбаев – 105 кг салмакта 1-орун.
Эске сала кетсек, сентябрь айында өткөн Ысык-Көл эл аралык оюндарында да ушул спортчулар таяк тартыш боюнча мыкты жыйынтыктарды көрсөтүшкөн.
Мэр спортчуларга мындан аркы мелдештерде дагы чоң ийгиликтерди каалап, шаардагы спорттун өнүгүшү үчүн мэрия тарабынан колдоо болоорун белгиледи.

