21.11.2024
Кароолор: (7)
БАЗАР АЙЛАНАСЫНДА РЕЙД ӨТКӨРҮЛДҮ

Баткен шаарында жол боюнда мыйзамсыз соода сатык кылган жарандарга бир нече эскертүүлөрдөн соң, товар жайа турган столдору жыйылды.
Баткен шаарынын мэринин орун басары Акылбек Орозов, муниципалдык менчик департаменттин директору Акрам Акматов, мэриянын кызматкерлери жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринен турган топ Баткен шаарындагы базар айланасында мыйзамсыз соода сатык кылган жарандарга эскертүүлөрдү берүү менен, товар жайа турган столдору жыйылды.
Жол боюнда, жөө жүргүнчүлөргө жана авто унаа айдагандарга тоскоолдук жаратпастан “Биримдик” базарында соода сатык кылууга болот.
Баткен шаарынын мэриясы түшүндүрүү ишери дагы да жүргүзүлөөрүн жана мыйзамга баш ийбей өз билемдик менен дүкөн алдына товар жайып, тоскоолдук жараткан жарандарга айып пул салынаарын эскертет.