09.02.2024

Кароолор: (19)

БАЗАРДА ИРЕТСИЗ СООДА КЫЛГАНДАРГА РЕЙД ӨТКӨРҮЛҮП ЖАТАТ

Баткен шаарындагы базарда иретсиз соода сатык кылган жарандарга эскертүүлөр берилип, жөө жүргүнчү жана авто унаалардын жүрүүсүнө тоскоолдук жартапоосу эскертилди.

Рейдке Баткен шаарынын мэриясынын жана Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери чыгышты.

Мындай түшүндүрмөлөр күн сайын уланат. Ошондой эле мыйзамга баш ийбей, өз билемдик менен каалаган жерде соода сатык кылган жарандарга мэрия жана шаардык милиция тарабынан айып пул салынат.

Негизинен соодагерлер дүкөн жанына кошумча орундук жасап алышып, жөө жүргүнчүлөргө тоскоолдук жаратып келишет. Ошондой эле авто унаалардын тыгынын пайда кылууга да себепчи болушат.