09.01.2025
Кароолор: (20)
Билдирүү Урматтуу Баткен шаарынын тургундары жана ишкерлер!

Шаарыбыздын санитардык абалын жакшыртуу жана элдин саламаттыгын коргоо максатында, бардык базарлар үчүн ар жуманын жекшемби күнү санитардык күн деп белгиленди.
Белгилей кетсек, жекшемби күнү базарлар жабык болуп, жалпы тазалоо жана дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт.
Мындан улам, базар ээлери, соодагерлер жана ижарачылар санитардык күндүн талаптарын так сактоого милдеттүү.
Талаптардын аткарылбашы Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык административдик чара көрүүгө негиз болоорун эскертебиз.
Тазалык – жалпыбыздын милдетибиз!
Бардык жарандарды бул талаптарды түшүнүү менен кабыл алып, Баткендин тазалыгы үчүн биргелешип аракет кылууга чакырабыз.
Баткен шаарынын мэриясы