05.10.2024
Кароолор: (5)
БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КЕСИПТИК МАЙРАМЫҢЫЗДАР МЕНЕН

Баарыбыздын башат-тамырыбыз, асыл ой-тилектерибиз, жетишкен ийгиликтерибиз биринчи кезекте мектеп менен байланыштуу экендиги талашсыз.
Элибиздин рухий байлыгы мектеп аркылуу калыпка салынаары белгилүү. Андыктан адамдардын жан-дилине илим-билим үрөөнүн сээп, жаркын максаттарга үндөгөн мугалимге кандай алкыш айтсак да жарашат.
Бала тарбиялоо, билимдүүлүк менен кесипкөйлүккө багыттоо, ошол эле учурда коомго пайдалуу инсан кылып тарбиялоодо мугалимдин эмгеги абдан чоң. Ар бир ата-эне сыяктуу эле, мугалим да окуучуларынын келечеги үчүн кайгыраары маалым.
Кымбаттуу мугалимдер жана билим берүү кызматкерлери!
Сиздерди дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм! Сиздердин жумушуңуздарга болгон колдоо, татыктуу шарт түзүү аракеттерибиз дагы да улантылат.
Келечек муундарыбызга сапаттуу билим берүүдөн талбаңыздар! Баарыңыздарга чың ден соолук, узак өмүр жана бакубат турмуш каалайм!
Баткен шаарынын мэри
Имамназар Бурканов