16.03.2024

Кароолор: (8)

БИЛЬЯРД БОЮНЧА МЭРДИН КУБОГУ ӨТҮП ЖАТАТ

Бүгүн 16-мартта Баткен шаарынын тургундары үчүн спорттун бильярд түрү боюнча мэрдин кубогу өткөрүлүп жатат.

Оюндун ачылышына Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов, Баткен шаардык кеңешинин төрагасы Алтынбек Ашировдор катышып, бильярд оюнуна келген спортчуларга ийгиликтерди каалашты.

“Мындай спорттук иш чаралар менен күнүмдүк турмуштун түйшүгүн бир азга болсо да унутуп, ушундай иш чаранын негизинде сергек жашоого умтулган досторуңар, ага-инилеринер менен баарлашып, ынтымакта болууга шарт түзүлөт ” - деди калаа башчысы.

Алгачкы шарды Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов өзү атып, оюнду баштап берди.

Бүгүнкү бильярд оюнунун өткөрүүдө 45 жашка чейин жана 45 жаштан жогоркулар болуп, эки топко бөлүнүп оюн өткөрөт. Байге 45 жашка чейинкилерде 1-2-3-орунга берилсе, 45 ден жогоркуларга да ушундай эле тартипте байге ыйгарылат.

Биринчиликти камсыз кылган спотчуга 15 000 сом, экинчиликти алган спортчу 10 000 сом менен сыйланса үчүнчү орундагы спортчу 5 000 сом менен сыйланат.

Эске сала кетсек Президенттин 2021-жылдын 29-январындагы “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбия жөнүндө” Жарлыгын ишке ашырууда, калк арасында сергек жашоо мүнөзүн калыптандырууга көмөк көрсөтүү максатында Баткен шаарында Мэрдин спорттун бильярд түрү боюнча кубогу уюштурулуду.