17.05.2024
Кароолор: (7)
БИР КАНЧА ЭСКЕРТҮҮЛӨРДӨН СОҢ КЫЗЫЛ СЫЗЫКТАН ЧЫККАН КОРООЛОР СҮРДҮРҮЛДҮ.

Баткен шаарындагы Кызыл-Жол аймактык башкармалыгында жолдор кеңейтилүүдө. Бул көрүнүшкө жергиликтүү жашоочулар каршы эмес экендиктерин билдирет, бирок өз каалоолору менен жолду кеңейтүүгө аракет кылган эмес.
Бир канча эскертүүлөрдөн соң 5 адамга айып пул салынган. Тар көчөлөр шаар бийлиги тарабынан кеңейтилип, асфальт төшөө иштери жүргүзүлөт.
Кызыл-Жол аймактык башкармалыгында 2 чакырымдай жол кеңейтилип, асфальт төшөөгө даяр, дагы 2 чакырымдай жол кеңейтүү алдында турат. Короо ээлерине эскертүүлөр берилген. Дубалдары жана салган курулуштарын бузууга милдеттүү. Акыркы үч жыл аралыгында Кызыл-Жол аймактык башкармалыгында 2 чакырымдан ашык жолго асфальт төшөлгөн.