16.03.2024

Кароолор: (16)

БОРБОРДУК СТАДИОН ТАЗАЛАНЫП, АКТАЛЫП, СЫРДАЛДЫ

Бүгүн 16-март күнү Баткен шаарынын аймагында айлана чөйрөнү тазалоо, имараттарды иретке келтирүү, көчөлөрдү тазалап, арыктарды таштандыдан арылтуу боюнча массалык ишембилик өткөрүлдү.

Шаардагы борбордук стадионду Баткен шаарынын мэриясынын, муниципалдык менчик департаментинин жана мекеме ишканалардын кызматкерлери тазалап, актап, сырдоо иштерин аткарышты.

Ошондой эле шаардагы аймактык башкармалыктарда ишембиликтер уюштурулуп, жаз алдындагы тазалоо иштери аткарылды.

Баткен шаарында жайгашкан облустук, райондук жана шаардык мекеме-ишканалардын, менчигинин түрүнө карабастан жеке жактардын көчөлөрдө, короо аймактарында талаптагыдай тазалоо иштери аткарылды.

Баткен шаарынын мэри Имамназар Буркановдун 2024-жылдын 13-мартындагы “Баткен шаарынын аймагында айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык жактан тазалоонун үч айлыгын өткөрүү жөнүндө” №70 буйругу, иш-чаралардын планы негизинде жогоруда айтылган ишембилик өткөрүлдү.