25.05.2024
Кароолор: (24)
БҮГҮН 25-МАЙ АКЫРКЫ КОҢГУРОО

Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов
“25-май мектепти аяктап жаткан окуучулар үчүн келечекке карай кадам таштоо болсо ата энелер үчүн уул же кызыңыздын сиздин берген мыкты тарбияңыз артынан жакшы кесип ээси болууга жол ачылгандыгы. Ал эми мугалимдердин өзү билген билимин, билгичтик менен окуучуларга берип, мыкты инсан болуусуна түрткү болгонуңуздардын жыйынтыгы бүтүрүүчүлөрдүн ийгилик жараткандыгында.
Келечек ээлери сиздер мыкты инсан болуп, Кыргызстандын экономикасын көтөрүп, гүлдөгөн өлкөгө айлантууга салым кошот деп ишенем.
Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө айтаарым “Ар бир кесип ардактуу”-дейт. Андыктан окууга тапшыруудан мурда кесиптин атагына карап эмес, диплом алгандан кийин, дипломуңуз сизге пайда алып келе турган, жакындарыңыздын сыймыгына татый турган кесипти тандаганыңыз туура болот.”
Урматтоо менен Баткен шаарынын мэри
Имамназар Бурканов