25.05.2024

Кароолор: (28)

БҮГҮН БАТКЕН ШААРЫНДА 11-КЛАССТЫ 340 ОКУУЧУ БҮТҮРҮП ЖАТАТ.

25-май акыркы коңгуроо салтанаты Баткен шаарындагы 11 мектепте белгиленди. Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов Жоомарт Бөкөмбаев атандагы мектептеги салтанатка катышты.

Шаар мэри Имамназар Бурканов мектеп жамаатына ийгиликтерди айтып, бүтүрүүчүлөргө ак жол каалады ошондой эле Баткен шаарынын мэриясы тарабынан 150 миң сомдук сертификат тапшырды, Баткен шаарынын 25 жылдыгына карата жигердүү көрсөткүчтөрдү көсөткөндүгү үчүн мектеп жамаатына ыраазычылык каты берилди. Ошондой эле окуудагы мыкты көрсөткүчтөргө татыган Элиза Абдиллаевага 5 миң сом акчалай сыйлык берилди.

Ж. Бөкөмбаев мектеби 1971-72 ж.ж. пайдаланууга берилип сыйымдуулугу 640 орунга эсептелинген. Азыркы күндө 2 минден ашуун окуучу билим алат, ошондуктан жаны имарат куруу зарылчылыгы жаралган. Бардык шарттары менен 225 орундуу 3 кабаттуу заманбап мектеп курулуу алдында турат. 2023-2024-окуу жылында республикалык бюджеттин эсебинен мектеп толук капиталдык ремонтко киргизилип, азыркы учурда тамдын чатыры жарымы алмаштырылды.

Шаардагы мектептердеги салтанатка Баткен шаарынын мэриясынын кызматкерлеринен бөлүнгөн кызматкерлер барып, куттуктоо сөз айтып, алдыңкы окуучуларга грамоталарды тапшырды.

Бүгүн 25-майда Баткен шаарында жалпы 11 мектептен 11-классты 340 окуучу бүтүрүп жатат. Ал эми 9-классты 642 окуучу аяктоодо.