04.07.2024
Кароолор: (9)
БҮГҮН МЕДИЦИНА КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ

Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата уюштурулган аземде Баткен шаарынын мэри Имамназар Буркановдун буюругунун негизинде “Ардак грамота” жана “Алкыш баракчасы” тапшырылды.
Медицина кызматкерлерин сыйлоо аземине Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өрүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, Баткен шаарынын мэрясынын социалдык-маданий секторунун башчысы Мансурбек Маматисаевдер катышты.
Мансурбек Маматисаев мэрдин атынан медицина кызматкерлеринин кесиптик күнү менен куттуктады. Ошондой эле кызматында мыктылыгын көрсөткөн айрым саламаттыкты сактоо кызматкерлерине “Ардак грамота” жана “Алкыш баракчасын” тапшырды.