12.03.2025

Кароолор: (16)

БҮГҮНКҮ ЖАРАНДАРДЫН КАЙРЫЛУУСУ НЕГИЗИНЕН ЖЕРГЕ БАЙЛАНЫШТУУ БОЛДУ

Баткен шаарынын мэри Темирболот Абыкеев бүгүнкү жарандардын өздүк маселеси боюнча шаршемби күнкү кабыл алуу күнүндө жарандардын негизги меселелери жерге байланыштуу болду.

Жер мунапысы, жерлерди ижарага алуу жана жеке каржылык жардам алууга багытталган кайрылуулар болду.

Эске сала кетсек Баткен шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 11-октябрындагы “Коомдук кабылдама” жөнүндөгү №197 тескемесинин негизинде Баткен шаарынын мэриясынын жетекчилиги 2025-жыл үчүн жарандарды өздүк маселеси менен кабыл алуу күндөрүнүн графиги бекитилген.

Баткен шаарынын мэри Абыкеев Темирболот Асаналиевич ар жуманын шаршемби күнү 14:00 дөн 16:00гө чейин жарандарды кабыл алат.

Баткен шаарынын мэринин орун басары Орозов Акылбек Курбанбекович ар жуманын бейшемби күнү 14:00дөн 16:00гө чейин жарандарды кабыл алат.

Баткен шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Бегалиев Мамасалы Сатыбалдыевич ар жуманын шейшемби күнү 14:00дөн 16:00гө чейин жарандарды кабыл алат.

Мындан сырткары Баткен шаарынын мэриясынын ишеним телефону иштейт 5-07-74

Ошондой эле жарандар www.kattar.kg интернет порталы, b.meria-jalpy@mail.ru электрондук дареги аркылуу мэрге кайрылуу мүмкүнчүлүгү бар экендигин да эске салабыз.