15.05.2024

Кароолор: (8)

БЫЙЫЛ АКЫРКЫ КОҢГУРОО САЛТАНАТЫ МЕКТЕПТЕРДЕ ГАНА ӨТКӨРҮЛӨТ

Бүгүн 15-майда Баткен шаарынын мэриясынын демилгеси менен ата-энелердин катышуусунда жыйын болду. Ага Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов, Баткен районунун прокурору, Баткен ШИИБинин башчысы, Баткен шаар, районунун баш имам хатиби жана билим берүү бөлүмүнүн башчысы катышты.

Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов. “Ар кандай кырсыктардын алдын алуу максатында “Бүтүрүүчү-2024” кечелерин күндүз жана кечкисин ресторан-кафелерде, шаардан сырткары аймактарда (жайлоо ж.б) өткөрүүгө тыюу салынсын. Окуучулардын коопсуздугун сактоо баарыбыздын милдетибиз болгондуктан, ушул жыйынды өткөрүүнү туура көрдүк. Окуучулардын келечегине кайдыгер болбостон келгениңиздерге ыраазычылык билдирем”-деди.

Жыйында ата-энелер тарабынан суроолор берилип, тийиштүү кызматтагылар жооп берди. Ошондой эле айтылган сөздөргө Баткен шаарындагы бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери макул экендиктерин билдиришти.

Быйыл Баткен шаарында 11-классты 340 окуучу бүтүрүп жатат. Ал эми 9-классты 642 окуучу аяктоодо.