01.02.2024
Кароолор: (45)
БЫЛТЫРКЫ КОЮЛГАН ИШ ПЛАНДАР ТОЛУК АТКАРЫЛГАН

БЫЛТЫРКЫ КОЮЛГАН ИШ ПЛАНДАР ТОЛУК АТКАРЫЛГАН
Баткен шаарынын мэриясында 2023-жылга коюлган иш пландар толук аткарылган. Бүгүн 1-февралда Баткен шаарынын мэриясы жылды жыйынтыктаган коллегиялык жыйын өткөрдү.
Жыйынга Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов, Баткен шаардык кеңешинин төрагасы Алтынбек Аширов, мэрдин орун басарлары жана шаардыгы мекеме ишканалардын жеткечилери катышты.
Негизги иштер тууралуу:
Өнөр жай, курулуш жана айыл чарба тармагы
Баткен шаарында 2023-жылдын жыйынтыгында негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышы төмөнкүдөй жыйынтыкталды.
- Өнөр жай көрсөткүчү – 1 163061,1 миң сомго, физикалык көлөмү 117,8%га аткарылган
- Ал эми электр энергиясыз – 177 863,9 миң сомго, физикалык көлөмү 105,5 % га ишке ашырылган.
КӨРСӨТКҮЧТӨР
Тейлөө рыногу - 2023-жылдын жыйынтыгына карата 3 088 161,3 миң сомго аткарылып, өсүү темпи 115,4%га жеткен. 2022-жылдын жыйынтыгына салыштырмалуу 587 468,2 миң сомго көп аткарылып, 123,5 %ды түзгөн.
Чекене соода жүгүртүү - 2023-жылдын жыйынтыгына карата 2 293 479,4 миң сомго аткарылып, өсүү темпи 112,5%ды түзгөн. 2022-жылдын жыйынтыгына салыштырмалуу 505 554,4 миң сомго көп аткарылып,116,3 %га жеткен.
Кызмат көрсөтүү - 2023-жылдын жыйынтыгына карата 794 681,9 миң сомго аткарылып, өсүү темпи 108,2%ды түзгөн. 2022-жылдын жыйынтыгына салыштырмалуу 150 468,7 миң сомго көп аткарылган.
Айыл чарбасы - 2023-жылдын жыйынтыгына карата 1 149 254,4 миң сомго аткарылып, өсүү темпи 100,6%ды түзгөн. 2022-жылдын жыйынтыгына салыштырмалуу 6 805,1 миң сомго көп аткарылган.
Капиталдык курулуш - 2023-жылдын жыйынтыгына карата 271 117,0 миң сомго аткарылып, өсүү темпи 103,4 %ды түзгөн. 2022-жылдын жыйынтыгына салыштырмалуу 8 790,0 миң сомго көп аткарылган.
Жаңы жумуш орундарды түзүү боюнча - 2023-жылдын жыйынтыгына карата 336 адамга жумуш оруну түзүлүп, өсүү темпи 103,4%ды түзгөн. 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 110,9%га аткарылган.
Катталган жумушсуздардын саны - 2023-жылдын жыйынтыгына карата 1352 жумушсуз жаран, официалдуу 881 жумушсуздар катталган. 2022-жылдын жыйынтыгына салыштырмалуу 62 жумушсуз жарандар жумуш менен камсыз болгон. Тактап айтканда 2022-жылы 1414 жумушсуз же официалдуу 959 жумушсуз адам катталган.
Шаардык мекеме-ишканалардын
аткарып жаткан иштери жөнүндө маалымат
Мамлекеттик салык кызматынын Баткен шаардык башкармалыгы: Баткен шаарында 2023-жылдын жыйынтыгына карата мамлекеттик салык жана төлөмдөрдүн жеткирилген планы 256 175,0 миң сомго аткарылып, 103,3%ды түзгөн. Же болбосо планга салыштырмалуу 8229,4 миң сомго көп чогултулган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 142,1%ды түзүп, 75 850,4 миң сомго көп аткарылган.
Анын ичинен:
- Республикалык бюджет 111 899,5 миң сомго аткарылып, өсүү темпи 100,0%га, же планга салыштырмалуу 9,1 миң сомго көп чогултулган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 207,6%ды түзүп, 58 000,8 миң сомго көп аткарылган.
- жергиликтүү бюджет 144 275,5 миң сомго аткарылып, планга салыштырмалуу өсүү темпи 106%га, же болбосо 8 220,3 миң сомго көп чогултулган. Мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 17 894,5 миң сомго көп аткарылып, 114,1%ды түздү.
“Баткен автобаза” муниципалдык ишканасы
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы чарбалык эсептеги “Баткен автобаза” муниципалдык ишканасы: калкты тейлөөдөгү киреше табуучу кызматтары боюнча токтолуп өтсөк, шаар аймагындагы суюк таштандыларды ташып чыгаруу, эксковатордук жер казуу жана жүргүнчүлөрдү ташуу кызматтарын аткарат.
“Баткен-автобаза” муниципалдык ишканасынын 2023-жылга карата бекиткен планы 1536,5 миң сом болсо, жылдын жыйынтыгында аткарган фактысы 1485,9 миң сомго, же 96,7%га аткарылган. Өткөн жылдын учурдагы отчеттук мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 1073,4 миң сомго, же 361%га көп аткарган.
Баткен муниципалдык “Автобаза” ишканасына алынган 6 автобустун №103, №104 маршруттук каттамдары ачылып, 2023-жылдын март айынан тарта ишке киргизилген. Натыйжада жүргүнчүлөрдү ташуудан да автобазанын кирешеси өскөн.
Мындан тышкары Аэропорт участкасы менен Энесай конушу багытына кошумча дагы жаңы №105 маршуттук каттам ачылууда.
Бүгүнкү күндө муниципалдык автобазанын базасында жалпы 28 техника бар. Алардын ичинен 6 автобус маршруттук каттамга чыгып, шаар тургундарын тейлейт.
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Таза суу” чарбалык эсептеги муниципалдык ишканасы
Таза суу жана булганыч суулардан түшүүчү төлөмдөрүн жыйноо боюнча бекитилген жылдык планы 13140,0 миң сом болсо, 2023-жылдын жыйынтыгына карата 13526,1 миң сомго аткарылып 103,3%ды түзгөн, же болбосо 2022-жылдын фактыга салыштырмалуу 1085,1 миң сомго көп аткарылган.
Баткен “Таза суу” муниципалдык ишканасында расмий катталган абонеттердин саны 4026 адамды түзүп, мурдагы жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 78 абонентке көбөйгөн.
“Баткен Тазалык” чарбалык эсептеги муниципалдык ишканасы
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Баткен Тазалык” чарбалык эсептеги муниципалдык ишканасы таштандыларды ташуу төлөмдөрүн жыйноо үчүн 2023-жылга карата бекиткен планы 3 990,0 миң сомду түзөт.
Жыл жыйынтыгына карата төлөмдөрдү жыйноонун анык аткарылышынын суммасы 5 688,8 миң сомду түзүп, же болбосо 142,5%га аткарылды. Тактап айтканда “Баткен Тазалык” ишканасы планга койгон суммадан 1 698,8 миң сомго көп аткарган.
Анын ичинен:
Калкты тейлөөдөгү топтолуучу каражаттардын планы 2 132,6 миң сомго аткарылып, 148,9% ды түзгөн. Же болбосо планга салыштырмалуу 692,6 миң сомго көп аткарылган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 664,0 миң сомго, же 145,2% га көп аткарылган.
Коммерциялык ишканалардан топтолуучу каражаттар 476,3 миң сомго аткарылып, 136,0% ды түзгөн. Же болбосо планга салыштырмалуу 126,3 миң сомго көп аткарылган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 123,1%га же болбосо 89,5 миң сомго көп чогултулган.
Ашкана жана кафе ишканалардан топтолуучу каражаттар 300,3 миң сомго аткарылып, 150,1%ды түзгөн. Же болбосо планга салыштырмалуу 100,3 миң сомго көп аткарылган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 75,4 миң сомго көп жыйналып, 133,5% ды түзгөн.
Бюджеттик ишканалардан топтолуучу каражаттар 2 779,6 миң сомго аткарылып, 138,9%ды түзгөн. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 506,3 миң сомго көп чогултуп, 122,2% ды түзгөн.
Быйыл 2023-жыл ичинде Баткен шаарынын мэриясынын алдында эки жаңы муниципалдык ишкана ачылды. Атап айтсак:
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы
муниципалдык базарлар дирекциясы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин протоколдук тапшырмасына ылайык Баткен шаарынын Чет-Булак кварталына 1,5 га жер аянтына муниципалдык мал базар курулуп, 2023-жылдын 30-декабрында пайдаланууга берилди. Долбоордун сметалык баасы 16 900,0 миң сомду түзөт. Мал базардын сыйымдуулугу 1000 баш кой-эчки, 600 ири мүйүздүү малга жана 150 жылкыга ылайыкташтырылган. Мал базардын айланасында 200 автоунаага ылайыкаштырылган унаа токтоочу жай уюштурулган.
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы чарбалык эсептеги
“Капиталдык курулуш” муниципалдык ишканасы:
Баткен шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 19-майындагы №38 токтомунун жана Баткен шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 5-сентябрындагы №166 буйругунун негизинде 10 штаттык бирдик менен Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы чарбалык эсептеги “Капиталдык курулуш” муниципалдык ишканасы ачылды.
Мунапыс
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бектитүү тууралуу” №291 токтомунун негизинде аткарылган жумуштар:
Баткен шаарынын мэриясынын алдында жер мунапысын жүргүзүү үчүн туруктуу комиссияны түзүү боюнча №148 буйругу чыккан.
Жер мунапысы боюнча иш чаралар башталгандан бери 26 протокол кабыл алынган. Бүгүнкү күнгө чейин комиссиянын кароосуна жалпы 612 арыз келип түшүп, 562 арыз коомдук талкууга илинген. Жер мунапысы боюнча жалпы 528 жарандын 50,8 га түзгөн жер аянттары мыйзамдаштырылып, Баткен шаарынын мэриясынын токтому менен бекитилип берилген.
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын Баткен филиалына жогорудагы берилген токтомдордун негизинде каттоого алуу боюнча 81 жарандан арыз түшүп, анын ичинен 45 жаранга мамлекеттик каттоо актылары жана техникалык паспорттор берилген.
Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына корутунду алуу боюнча 225 жарандан арыз түшкөн болсо, 216 жаранга берилген.
Маалым болгондой Баткен шаарынын аэропортуна эл аралык статус берилгенге чейин айланасында көп жылдан бери турак үйлөр салынып кеткен. Учурда аймактагы мыйзамсыз курулган үйлөр аэропорттун коргоо тилкелерине кирип калган. Бул аймак Чет-Булак кварталына карайт. Жер мунапысы боюнча арыз бергендердин саны 401 жаранды түзөт. Мындан сырткары дагы арыз берүүчүлөр келүүдө.
Инвестиция тартуу
Жалпы ички жана тышкы инвестиция тартууда план боюнча 826 900,0 миң сомдук 61 иш чара кабыл алынган болсо анын ичинен 45 иш-чара аткарылып 446 300,0 миң сомду, же 54 %ды түзгөн. Бүгүнкү күндө калган 16 иш чарада жумуштар жүрүүдө.
Алсак,
- республикалык бюджет - 180 500,0 миң сом;
- жергиликтүү бюджет - 100 100,0 миң сом;
- жеке секторлор - 23 100,0 миң сом;
- тышкы инвестиция - 23 300,0 миң сом;
- ар түрдүү каражаттар - 119 300,0 миң сомго аткарылган.
Республикалык бюджет
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун түздөн-түз колдоосу менен Республикалык бюджеттин эсебинен 469 900 миң сомдук 16 иш чара кабыл алынган. Анын ичинен 12 иш чарага каржылоо болуп, 180 500,0 миң сомдук 8 иш чара аткарылган. Ошондой эле бүгүнкү күндө 4 иш чарада жумуштар жүрүп жатат.
Алсак,
- 2023-жылга Баткен шаарынын ички жолдоруна асфальт төшөө боюнча жалпы суммасы 50 000,0 миң сомду түзгөн иш чара кабыл алынган. Республикадан жалпы 35 000,0 миң сом каржылоо болуп, Коммунизм көчөсүнүн 210 метри (2,3 млн сомго), И.Панфилов көчөсүнүн 310 метри (3,4 млн сомго), Жибек-Жолу көчөсүнүн 4 км асфальтталган.
- Кызыл-Дөң кварталынын К.Турмаматов көчөсүндөгү сел арага көпүрө курулуп, 2023-жылдын ноябрында пайдаланууга берилди. Долбоордун жалпы суммасы 10000,0 миң сомду түзөт. Республикалык бюджеттен 7500,0 миң сом, ал эми жергиликтүү бюджеттен 2500 миң сом каржыланган.
Дем берүүчү гранттан 3 долбоор ишке ашырылган.
Алсак,
- Баткен шаарынын Ж.Бөкөнбаев көчөсүнүн 622,8 метр аралыгына тротуар курулуп, суу ноолору орнотулду. Долбоорду ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен 2100,0 миң сом, ал эми жергиликтүү бюджеттен 9,0 миң сом каржыланган.
- Баткен шаарынын Г.Абдувалиева көчөсүнүн 748 метр аралыгына тротуар жана суу ноолору орнотулган. Долбоорду ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен 2 700,0 миң сом, ал эми жергиликтүү бюджеттен 1 200,0 миң сом каржыланган.
- Баткен шаарынын Ж.Момунов көчөсүнүн 781,2 метр аралыгына тротуар жана суу ноолору курулган. Долбоорду ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен 2700,0 миң сом, ал эми жергиликтүү бюджеттен 1 200,0 миң сом каржыланган.
Баткен облусун өнүктүрүү фондунан Баткен шаарынан 2 долбоор колдоого алынып курулуш иштери башталган. Атап айтсак:
- Баткен шаарынын Чет-Булак кварталына 15,0 га жер аянтына муниципалдык соода-сатык борборун куруу долбоору ишке ашууда. “Идеал” ЖЧКсы жеңүүчү деп табылган. Долбоордун жалпы суммасы 250000,0 миң сомду түзөт. Бүгүнкү күндө 1-транш боюнча 46900,0 миң сом каржыланып, курулуш иштери жүрүүдө.
- 2-долбоор: “Муниципалдык автобекет куруу” долбоору - Бүгүнкү күндө Чет-Булак кварталынын Курманжан-Датка көчөсүндө муниципалдык автобекет куруу долбоорунун курулуш иштери жүрүүдө. Долбоордун сметалык баасы 42000,0 миң сомду түзөт. Тендердин жыйынтыгы менен “Үсөн-Аман” ЖЧКсы жеңүүчү деп табылып, 2023-жылга 21200,0 миң сом каржыланган. Муниципалдык автобекетти куруу үчүн Баткен шаарынын мэриясы Чет-Булак кварталынын Курманжан-Датка көчөсүнөн 1,0 га жер аянты бөлгөн.
- Базар-Башы кварталындагы С.Айтматов мектебинин жаңы имаратынын курулушу жүрүүдө. Долбоор 2022-жылдын июнь айында башталып, 50%га аткарылган. Долбоордун жалпы суммасы 132900,0 миң сомду түзөт. Курулуш иштери 2024-жылдын декабрь айына карата бүткөрүлүп, пайдаланууга берүү пландалган.
- Баткен шаарынын аймагында жалпы 8,3 км аралыктагы ачык типтеги дрендерди тазалоо иштери жүргүзүлүп, 1700,0 миң сомду түзгөн. (Параң участкасында 6,3 км, Кызыл-Жол кварталынын 2,0 км)
- Баткен шаарынын мэриясы Чет-Булак кварталынан 0,8 га жер аянтын бөлүп, республикалык бюджеттин каржылоосу менен Баткен облусунун аймагына ротация менен келген мамлекеттик кызматкерлер үчүн 1 кабаттуу 7 батирлүү кызматтык үйлөр курулган. Курулуш 2022-жылдын январь айында башталып, 2023-жыл ичинде аяктаган. Долбоорду ишке ашырууда республикалык бюджеттен 11000,0 миң сом каржыланган.
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Баткен райондор аралык оорулардын алдын алуу жана медициналык санитардык-эпидемиологиялык борборуна жаңы лабораториянын имаратынын курулушу бүткөрүлүп пайдаланууга берилди. Долбоор 2023-жылдын июнь айында башталып, 2023-жылдын декабрында бүткөрүлдү. Долбоордун жалпы суммасы 5900,0 миң сомду түзөт.
Жергиликтүү бюджет
Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 120600,0 миң сомдук 35 иш чара кабыл алынган. Анын ичинен 30 иш чарага каржылоо болуп, 26 иш чара аткарылып 100100,0 миң сомду түздү. Бүгүнкү күндө 2 иш чарада жумуштар жүрүүдө. Ошондой эле калган иш чараларды каржылоо боюнча уюштуруу иштери жүрүп жатат.
Негизгилерин алсак:
- Чет-Булак кварталына муниципалдык мал базар курулуп, 2023-жылдын декабрында пайдаланууга берилди. Долбоордун сметалык баасы 16900,0 миң сом.
- Ж.Назаров көчөсүнүн 761 метр аралыгына асфальт төшөлдү. Долбоордун жалпы суммасы 8900,0 миң сомду түзөт.
- ЕБРРдин «Баткен шаарын таза суу менен камсыздоо жана канализация системаларын реабилитациялоо» долбоорунун насыясы боюнча 2023-жыл ичинде 18000,0 миң сом төлөндү.
- Баткен шаарынын Чет-Булак жана Тамаша-Жай участкаларына “Эмират” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан 10,0 км таза суу түтүктөрүн тартуу жана суу кампа куруу долбоору ишке ашырылган. Долбоорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 3600,0 миң сом бөлүнүп, инвесторлор тарабынан 5800,0 миң сом каржыланган.
- Баткен шаарынын Кызыл-Дөң кварталынын К.Турмаматов көчөсүндөгү сел арага көпүрөө курулуп, пайдаланууга берилди. Долбоордун жалпы суммасы 10000,0 миң сомду түзүп, 2500,0 миң сом жергиликтүү бюджеттен, ал эми 7500,0 миң сом республикалык бюджеттен каржыланган.
- Кызыл-Дөң кварталындагы А.Орозбеков көчөсүнүн 725 метр аралыгына тротуар куруу иштеринин кошумча жумуштары бүттү. Долбоор 2022-жылдан өткөрүлгөн иш чара. Жалпы суммасы 4260,0 миң сом.
- Сел кетүүчү сай жээктерин бекемдөө, оңдоп-түзөө жумуштары аткарылды. Долбоордун жалпы суммасы 500,0 миң сомду түзөт.
- Борбордук стадиондогу кичи спорт залды оңдоп-түзөө жана кийинүүчү жайды оңдоо боюнча имаратынын курулушунун кошумча жумуштары аткарылып, 8000,0 миң сом каржыланган.
- Шаарда жашылдандыруу жана көрктөндүрүү, жарыктандыруу жумуштарын аткаруу, борбордук көчөлөргө кичи таштанды урналарын орнотуу, жолбун иттерди атуу үчүн жалпы 1800,0 миң сом жергиликтүү бюджеттен каржыланган.
Тышкы инвестиция тартуу
Баткен шаары боюнча тышкы инвестиция тартууда 2 иш чара кабыл алынган. 2023-жылдын жыйынтыгына карата аткарылган жумуштардын көлөмү 23300,0 миң сомду түзөт. Алсак;
- Баткен шаарынын Чет-Булак кварталына 10,0 км аралыкка таза суу түтүктөрүн тартуу жана суу кампасын куруу долбоору “Эмират” Эл аралык коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан ишке ашырылган. Долбоор 2023-жылдын декабрь айына карата бүткөрүлдү. Натыйжада Чет-Булак кварталынын чыгыш тарабындагы планга киргизилген участкалар таза суу менен камсыз болду. Долбоордун жалпы суммасы 9400,0 миң сомду түзөт, анын 3600,0 миң сому жергиликтүү бюджеттен каржыланган.
- Ошондой эле Баткен шаарындагы №57 Кесиптик лицейинин имараты АБР уюму тарабынан каржыланып, капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Долбоордун жалпы суммасы 17 500,0 миң сомду түзөт.
Ар түрдүү каражаттар
Ар түрдүү каражаттардын эсебинен 119800,0 миң сомдук 5 иш чара кабыл алынган. Кээ бир иш чаралар көп жылдык долбоорлор болгондуктан 2023-жылдын жыйынтыгына карата 119300,0 миң сомдук 2 долбоор ишке ашырылып, 3 долбоордо жумуштар жүрүүдө.
Алсак,
- Баткен облустук айлана чөйрөнү коргоо жана экология башкармасынын офистик имаратын куруу долбоорунун курулушу бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген. Долбоор 2022-жылдын 1-кварталында башталган. Долбоордун жалпы суммасы 32 000,0 миң сомду түзөт.
- Баткен шаарынын М.Салихов көчөсүндөгү "Жаштык" эс алуу багына санитардык тейлөө комплексинин курулушу башталган. Долбоордун курулушу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы туризмди өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган. Долбоордун жалпы суммасы 5 000,0 миң сомду түзүп, 2023-жылдын 1-жарым жылдыгына карата 4 500,0 миң сом бөлүнгөн.
- Чет-Булак кварталынын Курманжан-Датка көчөсүнө 0,5 га жер аянтына 3 кабаттуу, 300 орундуу Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиянын алдындагы ординатордук "Медициналык илимий-окуу-дарылоо" корпусунун имаратынын куруу долбоору жүрүүдө. Долбоордун 2022-жылдын июнь айында башталган. 2024-жылдын декабрына карата пайдаланууга берүү күтүлүүдө. Долбоордун жалпы суммасы 603000,0 миң сомду түзөт.
- Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн жаңы имаратын куруу долбоору ишке ашууда. Долбоордун курулушу 2022-жылы башталган. Жалпы суммасы 137000,0 миң сомду түзөт. Учурда курулуш иштери жүрүүдө.
- Кыргыз Республикасынын Материалдык резервдер фондунун эсебинен Баткен шаарындагы калктын аялуу катмарындагы 250 үй-бүлөгө 1 каптан 12 тонна 500 кг ун таркатылган.
Жеке сектор
2023-жылдын жыйынтыгында калктын жеке ишкердүүлүгүн колдоо багытында жалпы суммасы 118000,0 миң сомдук 14 иш чара кабыл алынган. Анын ичинен 8 иш-чара аткарылып, 1 иш чарада курулуш иштери жүрүүдө. Калган 6 иш чараны ишке ашыруу боюнча уюштуруу иштери жүрүүдө.
Алсак,
- Жеке ишкер А.Парманов тарабынан Баткен шаарынын Чет-Булак кварталындагы өнөр жай алкагына 1,0 га жер аянтына таш-шырдак жасоочу (брусчатка) цех куруу долбоору жүрүп жатат. Долбоордун жалпы суммасы 5 000,0 миң сомду түзөт.
- Баткен шаарынын Чет-Булак аймагына 35 миң тоокко ылайыкталган жумуртка багытындагы “Ак-Сай Кент” тоок фермасын куруу долбоору ишке ашырылды. Ферманын курулушуна 2,0 га жер бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө заманбап шарттары менен бастырма тибинде имараты курулуп, ишке киргизилген. Натыйжада 15 жумушчу орун түзүлүп, эмгек акы 25000 сом деп белгиленген. Күнүнө 35 миң даана жумуртка өндүрүлүүдө. Жергиликтүү бюджетке алып келүүчү кирешенин көлөмү 3000,0 миң сомду түзөт. Долбоордун жалпы суммасы 30000,0 миң сом.
- Баткен шаарынын Сайдиман-Ажи көчөсүндө "Саттар-Ата" ашканасы курулуп, пайдаланууга берилди. Долбоордун жалпы суммасы 4600,0 миң сомду түзөт.
- Жеке ишкер И.Калыгулов тарабынан Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталына коомдук мончо курулуп ишке киргизилген. Долбоордун жалпы суммасы 4300,0 миң сомду түзөт.
- Жеке ишкер Ташкожоев Пирмат тарабынан Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталына коомдук эс алуучу жана тамактануучу жай курулуп, пайдаланууга берилген. Долбоордун жалпы суммасы 2700,0 миң сомду түзөт.
- Жеке ишкер Садыков Абдинаби тарабынан Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталына коомдук эс алуучу жана тамактануучу жайы курулуп, пайдаланууга берилген. Долбоордун жалпы суммасы 2100,0 миң сомду түзөт.
- Жеке ишкер Калыков Амирбек тарабынан Баткен шаарынын И.Раззаков көчөсүнө балдар ойноочу аянтча ачылып, балдардын эс алуусун тейлеп келет. Долбоордун жалпы суммасы 3700,0 миң сомду түзөт.
- Жеке ишкер Жарбек уулу Бакытбек тарабынан “Бургер №1” тез татым түйүнү ачылган. Тез татым Баткен шаарынын И.Панфилов көчөсүндө жайгашкан. Бүгүнкү күндө тез татымдын 2 түйүнү ачылып, иш алып барууда. Тез татымда 8 жумуш орун түзүлгөн.
II. СОЦИАЛДЫК ТАРМАК БОЮНЧА:
Социалдык төлөмдөрдү чектөө
- Баткен шаары боюнча 501 аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 1558 балдарына “Үй бүлөгө көмөк” жөлөкпулу чектелген.
- Социалдык жөлөкпул алуучулардын саны – 504 адам.
- Акчалай компенсация алуучулардын саны - 160 адам.
- Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алуучулардын саны - 289 адам.
- Сөөк коюуга (расымдык) жөлөкпул алуучулардын саны - 3 адам.
Социалдык төлөмдөрдү төлөө
Баткен шаары боюнча мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөө үчүн Республикалык бюджеттен төмөнкүдөй каржылоо жүргүзүлдү:
- 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпул- 67 млн 251 миң 15 сом;.
- Социалдык жөлөкпул – 40 млн 987 миң 77 сом;
- Акчалай компенсация – 3 млн 84 миң сом;
- 9-Май-Улуу Жениш күнүнө карата ооруктун ардагерлерине - 2 адамга 30 миң 2 жүз сом төлөндү.
- Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул– 18 млн 62 миң 917 сом;
- Сөөк коюуга -14 миң 38 сом.
Социалдык кызмат көрсөтүү
- Баткен шаары боюнча жалгыз бой, ДМЧ, ТШО жалпы 20 адамды 2 социалдык кызматкерлер үйүнө барып тейлешет.
- Баткен шаары боюнча калктын саны 7804 үй-бүлөнү же 34010 адамды, 01.01.2024-жылга карата жакыр үй-бүлөлөрдүн саны 800 үй-бүлөнү же жакырчылыктын денгээли 10,3% түздү.
- Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга 53 санаториялык -курорттук жолдомолор,5 майыптык кресло-коляскалар берилди.
Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана миграция
- Экономикалык жактан активдүү калктын саны 18801 адам
- Иштеген калктын саны 2896 адам
* Эсепте турган жумушсуздардын саны 1352 адам
2024-жылдын 1-январына карата жалпы жумушсуздардын саны, шаар боюнча 1352 адам эсепте турат. Иш менен камсыз кылуу кызматтарында расмий катталган жумушсуздардын саны 881 адамды түзөт, алардын ичинен 415 аялдар.
2024-жылдын 1-январына карата мекемелерден жана уюмдардан түшкөн бош
орундардын саны 160 бирдикти түзгөн, алардын ичинде жумушчу адистиктерге суроо-талап басымдуулук кылат.
2024-жылдын 1-январына карата иш менен камсыз кылуу кызматтарына кайрылган жарандардын саны 294 адам, анын ичинен 181 аялдар.
Кесипке окутуу жана кайра окутуу
Жумушсуз жарандарды окутуу эн маанилүү багыттардын бири болуп саналат. Эмгек рыногунда жумушсуздардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн, эмгек рыногунун белгилүү-бир кесиптиктеги жумушчу күчүнүн керектөөлөрүн эске алып, иш менен камсыз кылуу кызматтарынын тарабынан кесиптик окутууга Баткен шаардык №57 кесиптик лицейге 64 адам жөнөтүлгөн.
Социалдык контракт боюнча
Андан сырткары Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык 2022-жылы Баткен шаары боюнча 11 жаран менен Социалдык контракт түзүлгөн 2023-жылы Баткен шаары боюнча 65 жаран, жалпы 2022-2023 жылдары Баткен шаары боюнча 76 аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен Социалдык контракт түзүлүп, кичи бизнес ачууга 100 000 сомдон кайтарымсыз каражат берилип, жумуш менен камсыз болушту. 2023-жылдын 27-июлунда. 31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата социалдык контракт менен иштеп жаткан жарандардын өндүргөн продукцияларынын Жарманкеси уюштурулду. 2023-жылдын 24-ноябрында Социалдык контракт алган жарандардын “Жаны-Кадам” 2-конференциясы болуп өттү, социалдык контракт менен иштеп жаткан жарандардын өндүргөн продукцияларынын Жарманкеси уюштурулду.
Ички жана тышкы миграция
Баткен шаары боюнча ички миграцияда 1401 жаран ал эми тышкы миграцияда 1670 жаран жүрөт.
Кайрылмандар боюнча
Баткен шаар аймагына 2023-жыл ичинде “Кайрылман” күбөлүгүн алуу үчүн 27 жаран кайрылган.Алардын ичинен 13 этникалык кыргызга кайрылман күбөлүгү ыйгарылды.
Персоналдык ассистент боюнча
Баткен шаары боюнча бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж болгон ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарга жеке ассистент кызмат көрсөтүү боюнча 2023-жылдын декабрь айына 53 ассистентке, бир адамга айына 6268 сом төлөнүп, айына керектелүүчү сумма 332 миң 2 жүз сом, ал эми жыл башынан төлөнгөн сумма 3 млн 879 миң 89 сомду түздү.
Үй -бүлө жана балдарды коргоо бөлүмү.
2023-жылдын 12 ай ичинде Баткен шаарынын аймагындагы Баткен райондук статистика комитетинин маалыматы боюнча 13 437 жашы жете элек балдар катталган.
Ата-энесинин багуусунан эрте ажыраган (тоголок жетим) балдардын саны 8.
Ата энесинин бирөөсүнүн багуусунан ажыраган (жарым жетим) балдардын саны 338 бала.
Баткен шаардык билим берүү тармагында 2023-жылга карата аткарылган иштер
Баткен шаарынын аймагында 6 орто мектеп, 1 гимназия мектеп-интернаты, 1 гимназия мектеби, 2 башталгыч мектеп, 6 мамлекеттик мектепке чейинки билим берүүчү мекемелери өз ишмердүүлүктөрүн жүргүзүп келишет. Бул билим берүү мекемелеринде 2023-2024-окуу жылында 7799 окуучуга 488 мугалим билим-тарбия берүүдө. Ал эми 6 бала-бакчаларда 1427 бала тарбияланып, 64 тарбиячы бар.
Быйылкы 2022-2023-окуу жылында «Алтын тамга» тестирлөөсүнө Баткен шаарынан 32 бүтүрүүчү катышты. Алардын арасынан 6 бүтүрүүчү билимин тастыктап, “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына ээ болушту.
Мектеп окуучуларынын областтык предметтик олимпиадасында 14 окуучу байгелүү орундарды камсыз кылышып, Баткен шаары 30 упай менен биринчи орунга чыкты.
Ал эми 2023-жылдын 22-23-март күндөрү Бишкек шаарында өткөн олимпиаданын Республикалык этабында орус тили предмети боюнча 8-класстын окуучусу Аскарбек кызы Асема, химия предмети боюнча 10-класстын окуучусу Ахматов Замзамбек 1-орунду камсыз кылышты.
Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнө , мектептерге жана бала бакчаларга тартылган ички жана тышкы инвестициялар
Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу билим берүү мекемелерине, 2022-2023-окуу жылында Бириккен Улуттар Уюмунун ЮНИСЕФ фондунан төмөнкүдөй каражат тартылган:
- Санитардык - гигиеналык каражаттар - суммасы 140 198 сом;
- Спорттук каражаттар – 431 600 сом;
- Санитардык дезинфекциялык каражат – 675 000 сом;
- В.И.Ленин, Ж.Бөкөнбаев, А.Имаров-Кызыл Топу атындагы орто мектебинин суу топтоочу кампасы, ажатканасы, канализация, кол кургатуучу электр каражаты үчүн каралган каражат – 1 377 597 сом; Анын ичинен кызмат үчүн Баткен шаарынын мэриясы тарабынан 947 500 сом акча бөлүнгөн.
ЮНИСЕФтен тартылган инвестициялык каражаттардын жалпы суумасы – 2 624 395 сомду түзөт.
Ал эми В.И.Ленин атындагы орто мектебинин жер төлөсү, Баткен областын өнүктүрүү фондунан 6 005 005 сом акча каражаты бөлүнүп, ондоп-түзөлду.
КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан мектептерге заманбап компьютер берилди. Жалпы суммасы – 5 852 731 сом.
2022-2023-окуу жылында билим берүү мекемелерине тартылган ички жана тышкы инвестициялардын көлөмү жалпы 15 429 631 сомду түзөт.
Баткен шаардык №57 Кесиптик лицейи тууралуу маалымат
Баткен шаарындагы №57-кесиптик лицейинде 2022-2023-окуу жылында 128 окуучу окууну аяктады. 2023-2024-окуу жылына карата учурда 260 окуучу аталган лицейде билим алышууда.
Баткен облустук Кызыл жарым ай коомунун жардамы менен окуу жайга заманбап ашкана курулду. Ошондой эле окуу жайдын устаттары менен биргеликте от казан курулуп, 1-окуу корпусундагы жылытуу системасы (отопление) ишке киргизилди.
Окуу жайдын ашканасына ЮНИСЕФ уюму тарабынан 33 тонналык суу топтоочу кампа жана кол жуучу ракавиналар орнотулду. Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан №1-окуу корпусу жана жатакана капиталдык оңдоодон өтүп колдонууга берилди. Ал эми №2-окуу корпусуна жылытуучу система туташтырылып окуу үчүн жакшы шарттар түзүлдү. Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан колдоого алынган долбоордун алкагында №57-кесиптик лицей капиталдык ондоп-түзөөдөн өткөрүлдү, жалпы суммасы 17,5 млн сомду түзөт.
Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу
Баткен шаарынын мэриясынын “Баткен шаарынын аймагында айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык жактан тазалоонун үч айлыгын өткөрүү жөнүндө” №48 тескемеси кабыл алынып, шаар аймагында 2023-жылдын 1-мартынан 1-июнуна чейин шаар аймагында ишембиликтер өткөрүлдү.
2023-жылдын март жана апрель айларында шаар аймагына төмөнкүдөй көчөттөр отургузулган: “Красный клен”, “Крымская сосна”, “Эльдарская сосна”, “Можжевельник”, жалпы жергиликтүү бюджеттен 300,0 миң ар кандай түрдөгү көчөттөр сатылып алынып отургузулду. Ал эми шаар ичине 2000 даана гүл 80,0 миң сомго сатылып алынып тигилди. Отургузулган көчөттөрдү, гүлдөрдү сугаруу жана өсүшүн камсыз кылуу максатында Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципиалдык менчик департаменти тарабынан атайын 3 багбан жумушка тартылды. Мындан сырткары Ош-Раззаков жол боюна желим бөтөлкөлордү таштоочу 15 урна жасалып шаар аймагына орнотулду.
Баткен шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмү жана маданият тармагында аткарылган иш чаралар
Баткен шаарынын спорт жана маданият тармагында 2023-жыл ичинде бардык даталуу күндөргө карата маданий жана спорттук иш чаралар өз денгээлинде уюштурулуп өткөрүлдү.
Баткен шаарында 2023-жылдын 31-август күнү Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына карата жогорку деңгээлдеги майрамдык салтанант өткөрүлдү. Майрамдык салтанатка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрөгасынын орун басары Э.Байсалов катышып, көргөзмө көрсөтүү, аскердик парад, спорттук мелдештер жана концерттик программа менен коштолду.
Андан сырткары 2023-жылдын 15-сентябрында Баткен шаарында орнотулган 2021-2022-жылдарда кыргыз-тажик чек арасында курман болгон баатырларыбыздын эстелигин ачуу аземи Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитеинин төрөгасы, Министрлер Кабинетинин төрөгасынын орун басары К.Ташиевдин катышуусунда болуп өттү.
Андан сырткары Баткен шаарында 2 жылдан бери чек-ара окуяларына байланыштуу жаңы жыл майрамы тосулбай келгендиктен быйыл озгөчөлөнүп шаардын борбордук аянтында “Жаңы-жыл 2024” майрамы салтанаттуу уюштурулуп өттү. Майрамдык салтанат ар турдүү конкурстар менен коштолуп мыкты деп тандалган номинацияларга сыйлыктар, белектер ыйгарылды жана концерттик программалар менен коштолду.
2023-жылдын 23-24-февраль күндөрү Баткен шаарынын дене тарбия жана спортунун калыптанышына, өнүгүшүнө чоң салым кошкон инсан Т.Таабалдиевдин жаркын элесине арналган волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Аталган мелдешке 70000 сом акча каражаты бөлүндү
Ошондой эле 2022-жылдын декабрь айынан баштап 2023-жылдын январь, февраль айларында республикалык “Мектеп лигасы” долбоорунун шаардык туру өткөрүлдү. Аталган мелдешке футбол боюнча 6 мектеп, волейбол боюнча 6 мектеп, шахмат боюнча 5 мектеп жана баскетбол боюнча 1 мектеп катышты.
2023-жылдын 7-март күнү 8-март аялдардын Эл аралык майрамына карата кыз-келиндер арасында волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Аталган мелдешке 21280 сом акча каражаты бөлүндү.
2023-жылдын 18-март күнү “Нооруз - 2023” элдик майрамына карата Көк бөрү боюнча мелдеш болуп өттү. Аталган мелдешке Баткен шаарынан 4 команда катышты.
2023-жылдын 6-апрель күнү Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата Баткен шаардык мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин арасында өткөрүлүүчү волейбол жана шахмат боюнча мелдеш болуп өттү.
2023-жылдын 1-июнь - Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата спорттук иш чаралар өткөрүлдү (чуркоо, эстафета, сүрөт тартуу спортко байланыштуу).
23-24-сентябрь күндөрү Баткен шаарынын түзүлгөндүгүнүн күнүнө карата Таэквондо WT боюнча Баткен шаарынын мэринин кубогу болуп өттү. Мелдешке жалпы 8 команда (300 дөй спортчу) катышышты
22-ноябрь күнү А.Масалиевдин 90 жылдыгына карата Баткен шаарынын өспүрүмдөр арасында спорттун “Вело жарыш” түрү боюнча мелдеш болуп өттү. Жалпысынан 83 өспүрүм катышты.
24-ноябрь күнү Н.Исановдун 80 жылдыгына карата кичи-футбол боюнча Баткен шаарынын биринчилиги өткөрүлдү. Аталган мелдешке 90 560 сом акча каражаты бөлүндү. Мелдешке 150 дөн ашуун оюнчу катышты.
Жыйында, коюлган иш пландардын аткарылышы боюнча канааттандырарлык деп табылды.