31.05.2024

Кароолор: (30)

ДААНЫШМАН АК САКАЛДАР КООМДУК БИРИКМЕСИНИН ТӨРАГАСЫ ШАЙЛАНДЫ

Бүгүн 31-май күнү Баткен шаарындагы даанышман ак сакалдар коомдук бирикмесинин төрагасы шайланды. Ага Баткен шаарынын мэринин биринчи орун басары Акылбек Орозов жана шаардагы ак сакалдар катышты.

Жыйында Гыламидин Абдрахманов төрагалыкка Гыламидин Артыковду сунуштап, колго салды. Бир добуштан шаардагы ак сакалдар Гыламидин Артыковдун талапкерлигин колдоду.

Жыйында төраганын үч орун басарын да колго салып шайлашты.

Даанышман ак сакалдар коомдук бирикмесинин максаты Баткен шаарындагы ак сакалдардын аброюн көтөрүү, шаар элин ынтымакка, ыймандуулукка, жаштарга туура жол көрсөтүү жана нарк насилдүү болууга үндөө.