23.11.2024
Кароолор: (4)
ЭКИ КҮНГӨ СОЗУЛГАН ВОЛЕЙБОЛ ОЮНУ ӨТҮҮДӨ

Баткен шаарындагы Кызыл-Жол орто мектебинин спорт залында педагог, волейбол боюнча машыктыруучу Мамат Имаровдун жаркын элесине окуучулар арасында валейбол өткөрүлүп жатат.
Облустук дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюшулган спорттун волейбол түрү боюнча болгон мелдешке Баткен облусунун район, шаарларынын мектеп окуучулары катышууда.
Аталган мелдешке 19 команда катышып, оюн 23-24-ноябрь күндөрү Баткен шаарынын Кызыл-Жол, №4-мектеп, В.И.Ленин, жана А.Имаров мектептеринин спорт залдарында өтөт.