01.11.2024

Кароолор: (6)

Эки тараптуу кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду

Бүгүн Баткен шаарынын мэри Россия Федерациясынан келген өкүл Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун донордук долбоорлорду ишке ашыруу боюнча долбоордук топтун менеджери Денис Туфановду кабыл алды.

Жолугушуу Баткен шаарынын мэриясында Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяровдун катышуусунда өттү.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашты.

Жыйындын алкагында Баткен шаары менен Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун ортосунда орус-кыргыз тилдүү мектепти куруу үчүн жерин берүү боюнча келишимге кол коюу аземи болду.

Документке Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин директору Акрамали Акматов менен Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун донордук долбоорлорду ишке ашыруу боюнча долбоордук топтун менеджери Денис Туфанов кол койду.