14.11.2024

Кароолор: (7)

ЭЛ АРАЛЫК АЙЫЛ ЧАРБА ЖАРМАНКЕ-ФЕСТИВАЛЫ ӨТТҮ

Бүгүн 14-ноябрь күнү Баткен шаарында Өзбекстан Республикасынын Сох жана Рыштан райондору жана Баткен шаары, райондун дыйкандары, ишкерлери катышкан жарманке өткөрүлдү.

Бул иш чаранын расмий бөлүгүндө КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев, Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаевдер баштаган жергиликтүү жетекчилер, Өзбекстан Республикасынын Сох жана Рыштан райондорунун жетекчилиги катышты.

Расмий бөлүктө Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов эки элдин ынтымагын бекемдеген жарманке-фестивалы мындан кийин дагы өткөрүлөөрүн белгилеп, Өзбекстан менен Кыргызстандын достугу бекемделе беришин каалады.

Эки элдин ортосунда уюшулган “Кош жылдыз” эл аралык фестивалы өткөрүлүп, анда Кыргызстандын жана Өзбекстандын өнөрпоздорунун таланты тартууланды.

Мындай жарманке-фестивалы эки элди арзан баадагы органикалык азык түлүктөр менен камсыздоо, жеке ишкерлердин өндүргөн продукцияларын жайылтуу менен кызматташууну бекемдөөгө шарт түзөт. Ошондой эле маданий бекемдик чыңдалаары айтылды.