05.02.2024
Кароолор: (12)
ЭРКЕК КЫЗМАТКЕРЛЕР МЕДИЦИНАЛЫК КАРООДОН ӨТҮШТҮ

Бүгүн 5-февралда Баткен шаарынын мэриясындагы эркек кызматкерлер медициналык кароодон өтүштү.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жыл сайын февраль айында республика боюнча эркектер арасында «Жооптуу бол!» айлыгын жарыяланган. Бул айлыктын максаты - жугуштуу эмес ооруларды (ЖЭО) эрте аныктоо үчүн эркектерди баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматы менен камтууну жогорулатуу. Акциянын жүрүшүндө саламаттык сактоо уюмдары оптималдуу графиктерди түзүштү, бул медициналык кызматтын жеткиликтүүлүгүн жогорулатты.
ЖЭО – бул өнөкөт, жай өөрчүгөн оорулар. Аларга жүрөк-кан тамыр оорулары, рак , өпкө оорулары жана кант диабети кирет. ЖЭО пайда кылуучу негизги факторлор: тамеки чегүү, алкоголдук ичимдиктерди ашыкча колдонуу, туура эмес тамактануу, физикалык активдүүлүктүн жетишсиздиги.
Эркектер жугуштуу эмес оорулардын пайда болуусуна көбүрөөк кабылышат. Кыргызстанда ар бир экинчи эркек адам тамеки чегет, алкоголдук ичимдиктерди ичет жана ашыкча салмакта болушат, ошону менен катар жогорку артериалык кан басымы бар. Статистика көрсөткөндөй, эркектердин ооруканага кайрылуусу төмөн, ал эми ЖЭО өлүм көрсөткүчү жогору, айрыкча жүрөк кан-тамыр ооруларынан болгон өлүм жогору.