04.02.2025

Кароолор: (2)

ЭРКЕКТЕРДИН ДЕН СООЛУГУНА КАМ КӨРҮҮНҮН БИР АЙЛЫГЫ БАШТАЛДЫ

Февраль ичи “Жооптуу бол!” республикалык бир айлык жарыяланды. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 18 жаштан жогорку курактагы эркектер арасында жугуштуу эмес оорулардын пайда болушуна алып келүүчү тобокелдик факторлорун аныктоого багытталган “Жооптуу бол!” республикалык бир айлыктын башталганын жарыялайт.

Акцияга катышуу үчүн эркектерге медициналык кеңеш алуу үчүн жашаган жери боюнча баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарына (үй-бүлөлүк медицина/жалпы дарыгерлик практика борборлору, үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору жана фельдшердик-акушердик пункттар) кайрылуу сунушталат.

Жугуштуу эмес оорулар (ЖЭО) – бул көбүнчө жеке жүрүм-турум факторлорунан улам пайда болгон өнөкөт, жай өөрчүгөн оорулар. Аларга жүрөк-кан тамыр оорулары, рак, өпкө оорулары жана кант диабети кирет. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылы жүрөк-кан тамыр оорулары өлкөдөгү бойго жеткен эркектер арасында 8 559 өлүмгө себеп болгон. Туура эмес тамактануу (өзгөчө тузду көп колдонуу, жашылча-жемиштерди жетишсиз колдонуу), тамеки чегүү, алкоголдук ичимдиктерди ашыкча ичүү жана физикалык активдүүлүктүн төмөндүгү жугуштуу эмес оорулардын эң кеңири таралган алдын ала турган тобокел факторлору болуп саналат.

2024-жылдагы бир айлык учурунда өлкө боюнча 680 000ден ашык эркек баштапкы медициналык-санитардык жардам мекемелерине кайрылган. Алардын ичинен 127 000ден ашык адамда (19%) жугуштуу эмес оорулардын өнүгүшүнүн ар кандай коркунучтуу факторлору аныкталган. Рутиндик иштердин жыйынтыгында, 5 200 эркек гипертония диагнозу менен, ал эми 400 эркек 2-типтеги кант диабети диагнозу менен каттоого алынган.

Акция биринчи жолу 2019-жылы «Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу» швейцариялык долбоорунун алкагында өткөрүлгөн. Азыркы учурда бир айлык Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги алдында жыл сайын өткөрүлүүдө.

Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган “Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу” долбоору сапаттуу баштапкы медико-санитардык жардам көрсөтүүгө бирдей мүмкүнчүлүк алуу жана сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу аркылуу Кыргызстан калкынын ден соолугун жана бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган. Долбоор өлкө боюнча жүргүзүлөт.

ЖЭО долбоору тууралуу толук маалымат алуу үчүн Бегайым Эгимбаева коомчулук менен байланыш боюнча адиске кайрылыңыз, тел.: 0(312) 90 63 10, email: healthyfuture.pa@gmail.com

Сайт: https://ncdproject.kg/

Facebook: https://www.facebook.com/ncd.kyrgyzstan

Instagram https://www.instagram.com/ncd_kg/

***

Швейцария өкмөтү Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүдө. 1994-жылдан бери Швейцария Кыргызстанга техникалык, финансылык жана гуманитардык жардам катары 500 миллиондон ашык швейцариялык франк бөлүп берген.

Сайт: https://www.eda.admin.ch/bishkek.

Fаcebook: Embassy of Switzerland in the Kyrgyz Republic

Instagram: www.instagram.com/swissembassykg