23.11.2024
Кароолор: (4)
ФУТБОЛ БОЮНЧА МЭРДИН КУБОГУ ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ

Бүгүн 23-ноябрда Баткен шаарынын борбордук стадионунда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгы жана Баткен шаарынын 25 жылдыгына карата Баткен шаарындагы мектептер арасында футбол боюнча мэрдин кубөгу өткөрүлүүдө.
Футболдун ачылыш аземине Баткен шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Мамасалы Бегалиев, Баткен шаардык спорт комитетининин жетекчилиги, мугалимдер жана окуучулар катышты.
Шаардагы 9,10 жана 11-класстарынын окуучулары арасында өткөрүлүп жаткан мелдешке жалпысынан 8 команда ат салышууда.