12.10.2024
Кароолор: (8)
II ЭЛ АРАЛЫК ИНВЕСТИЦИЯЛЫК ФОРУМУНУН АЛКАГЫНДА КӨРГӨЗМӨ-ЖАРМАНКЕ ӨТТҮ

Баткен шаарында өткөрүлгөн жарманкеде облустун район шаарлары аймакта өндүрүлгөн айыл чарба, өнөр жай, женил өнөр жай продукцияларын жана кол өнөрчүлүгүн көрсөтүштү. Ал эми жергиликтүү ишкерлер өндүргөн продукцияларын алып чыгышты.
Көргөзмө жарманкенин салтанаттуу бөлүгүн КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев ачты. Жарманкеде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев сөз сүйлөп, бүгүнкү жарманке бардык кызыктар тараптар үчүн кызматташуу аянтчасы болуусун каалады.
Иш чарага өлкө аймагынан да потенциалдуу ири ишканалар катышып, кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн билдиришти.
Жалпысынан 50дөй ишкана катышкан жарманкенин максаты, аймактын өнүгүү потенциалын көрсөтүү. Кызыкдар тараптарга кызматташуу мүмкүнчүлүгүн түзүү болуп саналат.
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100, Баткен облусунун жана Баткен шаарынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата ишкерлердин жана бизнес өнөктөштөрдүн көргөзмө жарманкеси уюштурулган.