04.07.2024
Кароолор: (9)
ИШ САПАРЫ МЕНЕН МИНИСТР БАТКЕНГЕ КЕЛДИ

Бүгүн 4-июль күнү Баткен шаарына Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов келди.
Алтынбек Максутов Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов менен жолугуп, борбордук стадиондогу кичи спорт залдын оңдоп-түзөөдөн өткөн имараты менен таанышты.
Имарат эки кабаттан туруп, биринчи кабатта оор атлетика, айымдардын машыгуусуна ылайыкташкан зал, даараткана, жуунучу бөлмөлөр жана тамактануу жайына ыңгайлашып жасалып, оңдолгон. Экинчи кабатта кичи футбол аянтчасы жайгашкан.
Имаратты оңдоп түзөө жана кошумча курулуш куруу менен жергиликтүү бюджеттен 21 миллиондон ашуун акча каражаты жумшалган. Жакынкы күндөрдө пайдаланууга берилет.
Жолугушуу учурунда Баткен облустук дене-тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Сайкалов Баткен шаарынын Балдар-өспүрүмдөр спорт мектебин ачуу үчүн кошумча 3 (үч) административдик башкаруу кызматкерлеринин штаттык бирдиктерин ачуу зарылчылыгы бар экенин белгиледи. Министр жогорудагы маселе чечилээрин билдирди.