23.12.2024

Кароолор: (5)

КӨК БӨРҮ БОЮНЧА МЭРДИН КУБОГУ ЭЭСИН ТАПТЫ

Баткен шаарынын ат майданында, өткөрүлгөн Баткен шаары жана Баткен районунан келген көк бөрү оюнунунда жеңүүчүлөр аныкталды.

Эки күнгө созулган көк бөрү оюнунун жеңүүчүлөрүнө, Баткен шаарынын мэринин орун басары Акылбек Орозов акчалай, медаль жана мэрдин кубогун тапшырып, Баткен шаарынын мэри Имамназар Буркановдун атынан мыкты оюн көрсөткөн көк бөрү оюнунун катышуучуларына жана күйөрмандарга ыраазычылыгын билдирди.

Биринчиликти Бужум айылынан келеген көк бөрүчүлөр алды, экинчини Шумкар МВД командасы камсыз кылган болсо, үчүнчүнү Кара-Бак айылынан келген команда ээлешти, төртүнчүнү Рават айылынан келген көк бөрүчүлөр камсыз кылышыты.

Оюндун уюштуруу жагын Баткен шаардык спорт комитети колго алды.

Мэрдин кубогунуна арналган көк бөрү оюнуна жалпы 11 команда ат салышты.

Эске сала кетсек жыл сайын көк бөрү оюну боюнча мэрдин кубогу өткөрүлүп келет. Жыл өткөн сайын аталган оюнга кызыккандардын саны артып, командалардын саны көбөйүүдө.