21.12.2024

Кароолор: (5)

КӨК БӨРҮ БОЮНЧА МЭРДИН КУБОГУ ӨТҮП ЖАТАТ

Баткен шаарынын ат майданында, Баткен шаары жана Баткен районунан 11 команда көк бөрү оюну боюнча мелдеш башталды.

Кубоктун ачылышын Баткен шаарынын мэринин орун басары Акылбек Орозов ачып, көк бөрүчүлөргө ийгилик каалады.

Оюндун уюштуруу жагын Баткен шаардык спорт комитети колго алган.

Көк бөрү оюну эки күнгө созулуп, жыйынтыгы эртен 22-декабрда чыгат.

Эске сала кетсек жыл сайын көк бөрү оюну боюнча мэрдин кубогу өткөрүлүп келет.