12.11.2024
Кароолор: (12)
КОНКУРС!

Баткен облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы башкармалыктын, Баткен жана Кызыл-Кыя шаардык дене тарбия жана спорт бөлүм, секторунун административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү боюнча сынак жарыялайт:
Башкармалык;
- мамлекеттик кызмат орундарынын улук тобуна 3 бирдик;
- мамлекеттик кызмат орундарынын кенже тобуна 2 бирдик;
Баткен жана Кызыл-Кыя шаардык дене тарбия жана спорт бөлүм, сектору;
- мамлекеттик кызмат орундарынын улук тобуна 1 бирдик;
- мамлекеттик кызмат орундарынын кенже тобуна 2 бирдик;
Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;;
2) 21 жаштан жаш болбоого;
3) мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.
Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн (спорт боюнча башкы адис):
1) Билими;
- жогорку билим (дене тарбия жана спорт тармагындагы билимге артыкчылык берилет).
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана /же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;
Административдик кызмат орундарынын кенже тобу (спорт боюнча жетектөөчү адиси 4 бирдик) үчүн:
– тийешелүү багыттагы жогорку билим (дене тарбия жана спорт тармагындагы билимге артыкчылык берилет).;
- иш стажына талаптар коюлбайт;
Административдик кызмат орундарынын кенже тобу (спорт боюнча адиси) үчүн:
– тийешелүү багыттагы жогорку билим (дене тарбия жана спорт тармагындагы билимге артыкчылык берилет).;
- иш стажына талаптар коюлбайт;
Сынакка катышуу үчүн керектүү документтер:
* конкурстук комиссиянын төрагасынын атына телефон номерин көрсөтүү менен
жеке арызы;
* резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар
же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
* паспорттун көчүрмөсү (оригиналы конкурска киргенде көргөзүлөт);
* дипломдун көчүрмөсү (нотариус тарабынан же персоналдык кызмат тарабынан
күбөлөндүрүлгөн);
* эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариус тарабынан же персоналдык кызмат
тарабынан күбөлөндүрүлгөн);
* билимин жогорулаткандыгын тастыктаган документтери;
* Дело (документтер үчүн)
Керектүү документтерди 2024-жылдын 21-ноябрына чейин төмөнкү дарекке тапшырсаныздар болот. Баткен шаары С.Сыдыков №48.
Байланыш тел: 5-20-81, 0777 79-02-54