14.07.2024

Кароолор: (6)

КОНУШТАРГА ТАЗА СУУ ЖЕТКИРИЛДИ

Баткенде 10-июлда нөшөрлүү жаандан улам жүргөн селдин кесепетинен таза суусуз калган Баткен шаарынын Кызыл-Дөң аймагынын Энесай 1-2-3-көчөлөрүнүн жашоочуларына “Таза суу” ишканасы атайын унаа менен суу жеткирип берүүдө.

Жашоочулар цистернадан керектүү көлөмдө суу алып кетсе болот.

Селдин кесепетинен таза суу менен камсыз кылуучу түтүкчө жараксыз абалга келип, Кызыл-Дөң аймагынын Энесай 1-2-3-көчөлөрүнүн жашоочулары таза суусуз калган. Мындай ыңгайсыздыктарды жоюу боюнча учурда Баткен “Таза-Суу” ишканасы тарабынан таза суу түтүгүн калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.