31.07.2024

Кароолор: (5)

КООМДУК УГУУ ӨТКӨРҮЛДҮ

Баткен шаарынын мэриясы «Жаштык» жана «Жеңиш» сейил бактарын реконструкциялоо жана Ж.Бөкөнбаев атындагы мектептин кошумча имаратынын курулушу кичи долбоорлору боюнча коомдук угуу өткөрүлдү.

Чакан долбоорлор Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу (АРИС) тарабынан Баткен облусунда “Аймактарды өнүктүрүү долбоорунун” алкагында Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (ЭӨА) каржылоосу менен ишке ашырылууда.

Парктар 2024-жылдын декабрь айында, кошумча имарат 2025-жылдын февраль айында башталат.