22.07.2024

Кароолор: (5)

КООМДУК УГУУГА ЧАКЫРАБЫЗ

Баткен шаарынын мэриясы «Жаштык» жана «Жеңиш» сейил бактарын реконструкциялоо жана Ж.Бөкөнбаев атындагы мектептин кошумча имаратынын курулушу кичи долбоорлору боюнча коомдук угууларды өткөрөт.

Коомдук угуу 2024-жылдын 30-июль күнү, саат 15:00дө Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өткөрүлөт.

Чакан долбоорлор Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу (АРИС) тарабынан Баткен облусунда “Аймактарды өнүктүрүү долбоорунун” алкагында Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (ЭӨА) каржылоосу менен ишке ашырылууда.

Долбоордун алкагында Баткен шаарында бир канча социалдык объектилердин курулушу пландалууда, алардын ичинен «Жаштык» жана «Жеңиш» сейил бактарын реконструкциялоо жана Ж.Бөкөнбаев атындагы мектептин кошумча имаратынын курулушу аткарылат.

Экологиялык жана социалдык башкаруу пландары төмөнкү шилтемелер же QR коддору аркылуу жеткиликтүү:

https://cloud.mail.ru/public/MDo7/1bZs8TBC1 - Жаштык жана Жениш парктары боюнча

https://cloud.mail.ru/public/4K5u/AqMCa7yfs - Ж.Боконбаев атындагы мектептин кошумча корпусу боюнча

Долбоор тууралуу видео презентация төмөнкү шилтемеде жеткиликтүү::

https://cloud.mail.ru/public/xEDL/CkQGGnchd

же QR коду аркылуу: