14.02.2024

Кароолор: (13)

КӨП БАЛАЛУУ ЭНЕЛЕР СЫЙЛАНДЫ

Баткен шаарында “Баатыр эне” жана “Эне даңкы” ордени менен 14 эне сыйланды.

Сыйлыкты Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов, мэрдин орун басары Мансурбек Маматисаев, аппараттын жетекчиси Мамасалы Бегалиевдер тапшырды.

Сыйлык тапшыруу аземинде Имамназар Бурканов “Баткен шаарынынын баатыр энелери жана эне даңкын алган энелери. Сиздерди сыймыктуу, ардактуу, мамлекеттик сыйлык деп аталган баатыр эне жана эне даңкын алып жатышыңыздар менен куттуктаймын! Дени сак уул, кыздарды төрөп, татыктуу тарбия беришиңиздер менен коомчулукка кошкон салымыңыздар жогору экендигин белгилейм”-деди.

Бүгүн 13-февралда шаар аймагындагы 6 энеге “Баатыр эне” ордени берилди. Ал эми 8 энеге “Эне даңы” медалы тапшырылды.

Негизинен 7 же андан көп балдары бар жана аларды багып, тарбиялаган энелер “Баатыр эне” ордени менен сыйлана алышат. Ошондой эле 6 балалуу болгон жана аларды багып, тарбиялаган энелер “Эне даңкы” медалы менен сыйланат.

Бүгүнкү күндө Баткен шаарында 165 “Баатыр эне” бар болсо “Эне даңкы” медалын алгандар 152.