03.09.2024

Кароолор: (11)

КӨП БАЛАЛУУ ЭНЕЛЕР СЫЙЛАНДЫ

Бүгүн 3-сентябрда Баткен шаарынын мэриясында көп балалуу энелерге “Баатыр эне” жана “Эне даңкы” ордени берилди.

Сыйлыкты Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-майындагы №117 Жарлыгынын негизинде көп балалуу “Баатыр эне” ордени менен Баткен шаарынан аймагындагы жети жана андан ашык баласы бар жана аларды толук тарбиялаган Гүлзат Бектурсунова, Айымбүбү Пайзуллаева, Жээнгүл Шайдуллаевалар сыйланды.

Ал эми “Эне даңкы” медалы менен алты баласы бар жана толук тарбиялап жаткан Чынар Жаныкулова, Махабат Садыковалар сыйланды.

Баткен шаарынын аймагында бүгүнкү күнгө чейин “Баатыр эне” ордени менен 327 аял сыйланган. Ал эми “Эне даңкы” медалы менен 176 эне сыйлык алган.