07.05.2024
Кароолор: (17)
КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮ ЖӨНҮНДӨ ЖЫЙЫН ӨТТҮ

Бүгүн 7-майда Баткен шаарынын мэрясында мэр Имамназар Буркановдун катышуусунда аппарат, муниципалдык менчик департаменттин кызматкерлери жана шаардык мекеме ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө жыйын өткөрүлдү.
Жыйында коррупциянын кесепеттери тууралуу доклат жасалды.
Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов кызматкерлерди мыйзамсыз аракеттерге барбоо керектигин белгилеп, элге ак кызмат кылууга чакырды.
Кыргыз Ркспубликсынын 2012-жылдын 8-августундагы №153 “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-сентябрындагы “2019-2021-жылдарга Кыргыз Республиксынын мамлекеттик органдарынын коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндөгү” №447 токтомунун аткарылышы боюнча Баткен шаарынын мэриясы тарабынан 2019-жылдын 16-апрелиндеги №01-4/60 сандуу буйругу кабыл алынган, шаардык мекеме-ишканаларга жана аймактык башкармалыктарга аткарууга жиберилген.
Баткен шаарынын мэриясынын жана мекеме-ишканалардын кызматкерлерине коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча квартал сайын коррупциялык элементтердин кесепеттери, мындай аракеттердин жоопкерчилиги, мыйзамда каралган жазалар жөнүндө кеңири түшүндүрүү иштери буга чейин жүргүзүлүп келген.