24.10.2025
Кароолор: (112)
КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ АРАКЕТТЕРДИ КҮЧӨТҮҮ ЖАНА ЖООПКЕРЧИЛИКТИ АРТТЫРУУГА БАГЫТТАЛГАН СЕМИНАР ӨТТҮ
Баткен шаарында ушул жылдын 23-24-октябрда мамлекеттик органдардын кызматкерлерине, негизинен жетекчилерге багытталган коррупцияга каршы аракеттерди күчөтүү жана жоопкерчиликти жогорулатуу боюнча семинар өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты — мамлекеттик органдарды коррупцияга каршы мамлекеттик саясат, кабыл алынган тиешелүү иш-планы жана алдын алуу механизмдери менен тааныштыруу болуп саналат. Бул багытта жетекчилердин маалыматтуулугу канчалык жогору болсо, алар өз тармагындагы кызматкерлерден да талап коюп, таза жана ачык иш жүргүзүүгө шарт түзүлөт.
Семинарга прокуратура, ички иштер органы, ошондой эле облустук жана шаардык мекемелердин жетекчилери катышышты. Катышуучулар коррупциянын алдын алуу боюнча тажрыйба алмашып, өз мекемелеринин иш-пландарын өркүндөтүүдө колдонулуучу механизмдерди жана элементтерди талкуулашты.
Иш-чара Борбордук Азиядагы Коррупция маселелерин изилдөө институтунун демилгеси менен, ПРООН жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен биргеликте уюштурулду. Бул семинар өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлүп, коррупцияга каршы мамлекеттик аракеттерди жер-жерлерде чыңдоону максат кылууда.


