07.11.2025
Кароолор: (11)
КУЛУБАЕВ СЕЙТЕК ДОЛОТБЕКОВИЧ БАТКЕН ШААРЫНЫН МЭРИ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Кулубаев Сейтек Долотбекович Баткен шаарынын мэри болуп дайындалды.
Бүгүн жаңы дайындалган шаар мэри Кулубаев Сейтек Долотбековичти Баткен шаарынын мэриясынын жамаатына жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилерине Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев тааныштырды.

