16.06.2024
Кароолор: (7)
КУРМАН АЙТ МААРЕК БОЛСУН!

“Баардыгыңыздарды ыйык Курман айт майрамыңыздар менен мэриянын жамааты, үй бүлөмдүн жана өзүмдүн атымдан куттуктаймын!
Биримдик, боорукерлик жана кайрымдуулук адамзаттын баа жеткис рухий байлыктарынан болсо, Курман айт – дал ушундай баалуулуктарды даңазалаган мусулмандардын башкы майрамдарынын бири.
Бул майрам адам баласынын дилинин тазарышына, ыймандуу, кайрымдуу болушуна үндөп келет. Курмандык – бул Алла Таалага берилүүнүн, Жараткандын буйрук-талаптарына баш ийип, моюн сунуунун, ыкластуулуктун, напсиге эмес Жараткан Алла Таалага кул болуунун символу. Алла Таала сунган курмандыктарыбызды кабыл кылып, айт майрамы өзү менен кошо алып келген боордоштук, өз ара жардамдашуу сезими менен бүткүл аалам тынчтыкта, аман-эсенчиликте жашоосун насип кылган болсун!
Урматтуу Баткен шаарынын тургундары жана коноктору бул ыйык күндөрү жараткан тилеген тилектерибизди кабыл кылсын. Алла Таала биздин өлкөбүзгө өсүп-өнүгүүнү, бейкутчулукту берсин. Бардык үй-бүлөгө ден соолук, тынчтык жана ынтымак каалайм.
Дагы бир жолу Курман айтыңыздар маарек болсун!”
Баткен шаарынын мэри
Имамназар Бурканов