07.06.2024
Кароолор: (240)
КУРУЛУШУ АЯКТАП КАЛГАН МЕДАКЕДЕМИЯНЫН ИМАРАТЫ МЕНЕН МЭР ТААНЫШТЫ

Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов шаардын Чет-Булак аймагында курулушу жүрүп жаткан Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын окуу жана дарылоо комплексинин курулушу менен бүгүн 7-июнда таанышты.
Заман талабына ылайык салынып жаткан мед акедемиянын курулушу дээрлик 95 пайызы бүтүп, ушул айдын аягына бүткөрүлүшү пландаштырылган.
Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын окуу-дарылоо комплексинин бюджетинин эсебинен каржылана турган долбоордун болжолдуу баасы - 603, 5 млн сом. Жатакананын курулушуна сырткы инвесторлор тарабынан дээрлик 93 млн сом бөлүнгөн, мындан сырткары, 100 млн сомго акыркы үлгүдөгү аппараттар менен камсыздалат.
Медициналык академия бүткөрүлсө жаштарга билим уясы, жергиликтүү элге медициналык тейлөө камсыздалмакчы.
Аймактын социалдык-экономикалык абалын, инфрастуктурасын өнүктүрүүгө болгон аракет катары Баткен шаарынын мэриясы тарабынан 1,25 га жер аянты бөлүп берилген.
Курулушу жүрүп жаткан медакедмия эки корпустан турат. Экинчи имарат жатакана. Жатакана жеке ишкер тарабынан демөөрчүлүккө алынган. Бюджети 92 млн сом болуп, ичиндеги эмеректеринен бери орнотулуп, пайдаланууга берилет.
Бул борбор кѳп профилдүү дарт аныктоочу жана дарылоочу стационар катары курулат. Бейтапкана заманбап жабдуулар менен жабдылып, рентген кабинети, ультра добуштук изилдѳѳ (УЗИ), МРТ, ЭЭГ аппараттары менен камсыз болмокчу. Ошону менен бирге 200 орундуу конференц-зал, 200 орундуу студенттик жатакана жана 500 кишиге ылайыкталган күндүзгү дарылоо жайы салынат. Окуу-дарылоо комплекси курулуп бүткөндөн кийин 90 адис жумуш орду менен камсыз болот.