13.02.2024
Кароолор: (21)
КУРУЛУШУ ЖҮРҮП ЖАТКАН МЕКТЕП МЕНЕН МЭР ТААНЫШТЫ

Бүгүн 13-февралда Баткен шаарындагы Базар-Башы аймактык башкармалыгындагы Сыдык Айтматов атындагы орто мектептин курулушу менен Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов, мэрдин орун басары Мансурбек Маматисаев, Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Курсанали Турдубаевдер курулуштун жүрүшү менен таанышышты.
500 окуучуга ылайыкташып курулуп жаткан мектеп, республикалык бюджеттен каржыланган. Долбоордун жалпы суммасы 146 миллион сом.
Мектеп баардык талаптарга жооп берип, заманбап типте салынууда. Куруучулар 2024-жылдын сентябрь айына пайдаланууга берүүнү планга койгон.