21.03.2024
Кароолор: (8)
КУТ ДААРЫГАН НООРУЗ МАЙРАМЫ ӨЗГӨЧӨ ШАҢ МЕНЕН БЕЛГИЛЕНҮҮДӨ

Борбордук стадиондо Улустун улуу күнү, жаз жыттанган Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленүүдө.
Майрамдык иш чаранын расмий бөлүгүн Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов ачып, жалпы элди токчулуктун, мол түшүмдүн, ырыскынын символу болгон, жаз жыттанган Нооруз майрамы менен куттуктады. Салтанаттуу иш чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү генерал-майор Абдикарим Алимбаев, КР Коргоо министри генерал - лейтенант Бактыбек Бекболотов, КР ЖК депутаты Айгүл Айдарова, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, кошуна Өзбек Республикасынан келген коноктор, облустук, район, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары, таланттуу жаштар, студенттер катышууда.
Алгач Баткен шаарынын жана Баткен районунун уюштуруусунда кайнатылган сүмөлөк аземи менен башталып, жетекчилер жалпы элге жакшылык, бакубат жашоо, токчулук, молчулук, ырыс-ынтымак, берекелүү жашоо, жерибизге тынчтык каалашты.
Ошондой эле улуттук тамак-аш, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү болуп, улуттук спорттук мелдештер уюштурулду.
Майрамдын салтанаттуу бөлүгү жергиликтүү арттистердин, шайыр апалардын жана жаштардын катышуусунда чоң концерттик программа менен коштолуп, театрлаштырылган оюн-зоок, окуучулардын Манас айтуусу, ыр, бийлер тартууланды.