03.03.2024

Кароолор: (13)

Куттуктоо

Урматтуу Баткен шаарынын тургундары жана коноктору!

Баарыңыздарды 3-март - Эгемен Кыргыз мамлекетинин эркиндигинин, бүтүндүгүнүн жана элибиздин биримдигинин символу болгон Мамлекеттик туунун кабыл алынган күнү менен чын дилимден куттуктаймын!

Чындыгында бул күн - кылымдарды карыткан кыргыз элинин басып өткөн жолундагы тарыхый күн.

Эзелтеден эркиндикти сүйгөн кыргыз эли 1991-жылы өзүнүн эгемендүүлүгүнө ээ болсо, 1992-жылы дал ушул күнү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу кабыл алынган.

Бул кырмызы кызыл туу - мамлекеттүүлүктүн, бүтүндүктүн, белгиси.

Бул туу - уюткулуу улуу журт кураган Манас бабабыздан бери келаткан биримдиктин белгиси.

Мамлекеттик туубуз - кыргыз элинин элдигин, эрдигин, тааныткан улуулуктун белгиси.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу өлкөбүздүн Эл аралык жана дүйнөлүк деңгээлдеги тарыхый ордун далилдеп турат.

Андыктан мамлекеттик туу - ар бирибиз жана баарыбыз үчүн ыйык жана баалуу.

Бийиктерде желбиреп турган кызыл туу көз карандысыз кыргыз мамлекетинин өргө карай өнүгүшүн шарттап келет.

Мамлекеттик туубузду

бийиктерге желбиретип спортчуларыбыз кыргыз мамлекетинин атын дүйнөгө таанытып келет.

Мамлекеттик туу - баарыбыз үчүн бийик жана ыйык.

Дагы бир жолу бүгүнкү Мамлекеттик туу күнү майрамыңыздар кут болсун!

Ылайым жергебизде ар дайым тынчтык болуп, мамлекеттик туубуз түбөлүккө желбиреп турсун!

Урматым менен,

Баткен шаарынын мэри

Бурканов Имамназар Апызович.