01.05.2024
Кароолор: (17)
КУТТУКТОО

Урматтуу Баткен шаарынын тургундары!
Бүгүнкү 1-Май - жаз майрамы, Эмгекчилердин тилектештиги эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктаймын!
Убакыттын өтүшү менен бул майрамдын аты кандай өзгөрбөсүн, бүгүнкү күндө да эмгекчилердин эл аралык тилектештиги күнү катары белгиленип келүүдө.
Улуу муун үчүн - жаштыгын, эмгектеги жетишкендиктерин эске салган, жаштар үчүн-келечекке жол көрсөткөн, жаңы идеяларды жана жаратман чечкиндүү чечимдерди тандоого түрткү болгон эмгекчилердин тилектештик күнү куттуу болсун.
Бул күнү улуу муунга, эмгек ардагерлерине өлкөбүздүн анын ичинде Баткен шаарынын өнүгүшүнө салым кошкондорго терең ыраазычылык билдирем!
Шаарыбыздын жыргалчылыгы үчүн жаратман эмгеги менен салым кошуп келе жаткан, келечектен көптү үмүттөндүргөн азыркы муунга да ыраазычылык билдирүү менен кең келечек каалайм!
Ар бир үйдө бак-дөөлөт, бакубатчылык жана туруктуулук болсун.
Урматым менен,
Бурканов Имамназар Апызович
Баткен шаарынын мэри.