11.12.2025

Кароолор: (3)

Кымбаттуу Баткен шаарынын тургундары жана коноктору!

Баткен шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин сунушун эске алуу менен, айлана-чөйрөнү коргоо жана калктын коопсуздугун камсыздоо максатында 2026-жылдын Жаңы жыл майрамдарында салют атылбай турганын билдирет.

Салют жана башка пиротехникалык буюмдарды колдонуу атмосферага зыяндуу заттарды бөлүп чыгарып, кыш мезгилиндеги температуралык инверсия шартында абанын сапатынын кескин начарлашына алып келет. Мындан сырткары, пиротехниканын калдыктары айлана-чөйрөгө зыян келтирип, өрт чыгуу коркунучун жогорулатат.

Мэрия Баткен шаарынын бардык жарандарына жана ишканаларына салюттарды жана пиротехникалык буюмдарды колдонбоо талабын сактоону өтүнөт.

Жаңы жылдык маанай үчүн шаарда экологиялык жактан коопсуз альтернативалуу майрамдык иш-чаралар жана жарык инсталляциялары уюштурулат.

Айлана-чөйрөнү коргоо – ар бирибиздин милдетибиз!

Баткен шаарынын мэриясы