14.06.2024
Кароолор: (6)
КЫЗАМЫККА КАРШЫ ЭМДӨӨГӨ ҮГҮТТӨӨ ИШИ МЕЧИТТЕ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

Бүгүн 14-июнь күнү Баткен шаарындагы Абу Бакр Сыддык (БатМУ) мечитинде Баткен шаарынын социалдык-маданий секторунун башчысы Мансурбек Маматисаев, Баткен шаар, районунун баш имам хатиби Сейдахмат ажы Аппазов, медицина кызматынан катышкан жыйын болду.
Негизиненен кызамык оорусунун алдын алууда эмдөө биринчи орунда экендиги айтылды. Ошондой эле динди жамынып, ал ага каршы келет деген жүйөө менен балдарына эмдөөнү алдырбай койгон туура эмес экендиги дин өкүлдөрү тарабынан баса белгиленди.
Кызамык ооруусу акыр аягы өлүм менен коштолоору, анан дагы ал эмдөөдө мусулманчылыкта арам деп аталган нерселерден жасалбагандыгы айтылып, калкты массалык түрдө балдарды эмдөөдөн өткөрүү керектиги белгиленди.
Аталаган оорууга каршы 6 айлык баладан баштап, 7 жашка чейин эмдөөдөн өтөт.
Эске сала кетсек 13-июндан тартып, массалык эмдөө иштеринин 10 күндүгү жаряланган.