17.04.2024
Кароолор: (13)
КЫЗЫЛ СЫЗЫКТАН ЧЫККАН КУРУЛУШТАР БУЗДУРУЛДУ

Баткен шаарындагы А.Жайнаков көчөсүндөгү мыйзамсыз салынган, кызыл сызыкка чыккан курулуштар буздурулду.
Буга чейин Баткен шаарынын мэриясы тарабынан курулуштун ээлерине эскертүүлөр берилген.
Эске сала кетсек былтыркы жылы аталган көчөдө кеңейтүүлөр болгон, бирок 600 метр жер менчик ээлери менен талаш жаратып, кеңейтүү иштери токтоп калган. Былтыркы жылы кеңейтилген жол жээгине өз билемдик менен курулуп кеткен курулуштар да мэрия тарабынан буздурулду.
Бүгүнкү күндө талаш жараткан 600 метр аралыгы кеңейтилип, Н.Исанов көчөсүнө чейин мыйзамсыз курулуштар буздурулуп, тазаланды.