03.12.2025
Кароолор: (11)
КЫЗЫЛ-ЖОЛ АЙМАГЫНДА ЖОЛ САЛУУ ИШТЕРИ БАШТАЛДЫ
Кызыл-Жол аймагынын Салкын-Төр участкасынын жашоочуларынын кайрылуусу жеринде каралып, жол куруу иштери башталды.
Мэр Сейтек Кулубаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте маселени жеринде карап, ыкчам чечүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.
ӨКМдин Баткен шаары боюнча бөлүмүнө жол иштерине керектүү трактор бөлүп берүү, ал эми тиешелүү кызматтарга «Хово» техникаларын ишке чыгарып, жолду түздөө иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.
Берилген тапшырмалардын негизинде аймактагы узакка созулган көйгөй оперативдүү түрдө чечиле баштады.
Мэрдин жеринде көзөмөл жүргүзүүсү иштердин натыйжалуу жана ыкчам жүрүшүнө шарт түздү.


