18.12.2024
Кароолор: (4)
ЛИЦЕЙЛЕР АРАСЫНДА ЭСТАФЕТАЛЫК ИШ ЧАРА ӨТКӨРҮЛҮП ЖАТАТ

Республикалык илимий методикалык борбору тарабынан демилгеленген Кесиптик лицейлер арасындагы “Мекеним Кыргызстан” аттуу эстафеталык иш чара өткөрүлүүдө.
Иш чарага Баткен шаарынын мэриясынын социалдык-маданий өнүктүрүү секторунун башчысы Мансурбек Маматисаев, мугалимдер жана лицейдин окуучулары катышты.
“Мекеним Кыргызстан” аттуу иш чарада алгач келген коноктор окуучулар тарабынан жасалган кол өнөрлөрү менен таанышты. Андан соң окуучулар даярдаган маданий иш чара өткөрүлүп, соңунда Баткен шаарындагы 57-лицей эстафетаны Баткен районунун Самаркандек айылындагы 34-лицейге өткөрүп берди.