10.10.2024
Кароолор: (5)
МАЙРАМГА КАРАТА ШААРДАГЫ АЙРЫМ КӨЧӨЛӨРДӨ УБАКТЫЛУУ ЧЕКТӨӨЛӨР КИРГИЗИЛЕТ

Баткен шаарынын мэриясы, А.Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрында 2024-жылдын 12-октябрында саат 09:00дө “Баткендин өнүгүүсү өлкөнүн өнүгүүсү” инвестициялык форуму жана 13-октябрь Баткен облусунун жана Баткен шаарынын 25 жылдык мааракеси белгиленип жаткандыгына байланыштуу айрым көчөлөрдө коомдук коопсуздук үчүн авто унаалардын жүрүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилээрин эскертет.
12-13-октябрь күндөрү Баткен шаарынын М.Нургазиев, Т.Садыков Жибек жолу жана И.Жусупов көчөлөрүндө унаалардын жүрүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Баткен шаарынын жашоочулары жана конокторунан ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз.