03.12.2024
Кароолор: (5)
МАЙЫПТЫГЫ БАР АДАМДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Жыл сайын 3-декабрда майыптыгы бар адамдардын Эл аралык күнү белгиленет.
Бул күн алардын муктаждыктары тууралуу коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууга багытталган.
Майрамдык иш чара Баткен шаарындагы “Чудо парк” балдар ойноого ылайыкташкан жерде шаардагы “Нур” балдарды калыптандыруу борборунун тарбиялануучуларын Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов, Баткен шаардык кеңешинин төрагасы Алтынбек Аширов, шаардагы мекеме ишканалардын жетекчилери жана демөөрчүлөр катышып, куттукташты.
Майрамда демөөрчүлөр тарабынан акчалай жана шириндик берилип, оюн зоок уюштурулду.
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Нур” балдардарды калыптандыруу борборунда ар кандай жаш курактагы, ар түрдүү диагнозу бар 24 бала тарбияланат.
Аларга массаж, логопед, педагогикалык, ценсерная интеграция кызматтарды көрсөтүлөт. Андан тышкары балдар менен музыка, сүрөт тартуу сабактары өткөрүлөт. Балдарды социумга жана өзүн-өзү тейлөөгө, коомдо өзүн кантип алып жүрүү ыкмаларына, баланын кичи жана чон моторикасын өстүрүүгө басым жасашат. Ата-энелерге жана мугалимдерге семинар, тренингдер өткөрүлүп турат. Кайрылган реабилитацияга муктаж балдардын саны өтө көп, имараттын тардыгына байланыштуу көп баланы кабыл алууга шарт жок, чон имаратка муктаж. Бүгүнкү күндө Баткен шаарынын мэриясы тарабынан жер бөлүнүп берилген, инвестиция тартуу иштери жүрүп жатат.
Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган майыптыгы бар адамдардын укугу боюнча конвенцияга ылайык, мүмкүнчүлүгү чектелүү кишилер жашоонун бардык тармактарында өз укугун коргоого, ишке ашырууга акылуу жана алар социалдык кызматтарды башка атуулдардай эле тең укукта алышы керек.