13.03.2025

Кароолор: (23)

МАНАС КОМПЛЕКСИ ОҢДОП ТҮЗӨӨДӨН ӨТКӨРҮЛӨТ

Бүгүн 13-мартта Баткен шаарынын мэри Темирболот Абыкеев Баткен шаарынын Базар-Башы аймактык башкармалыгында жайгашкан Манас комплексине барды.

Азыркы учурда айланасы кароосуз калып, айкелдер сырдалбай айрымдары сынган.

Мэр аталган жерге мыкты көңүл бурулуп, жарыктандыруулар калыбына келтирилип, шаар калкы эс ала турган, туристерди кабыл алууга ылайыкташкан жайга айлантуу керектигин белгилеп, жакынкы аралыкта оңдоп түзөөдөн өткөрүү керектигин, тийиштүү жетекчилерге тапшырма берди.