14.02.2025

Кароолор: (8)

МЕКТЕП ОКУУЧУЛАР АРАСЫНДА ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА МЕЛДЕШ ӨТҮП ЖАТАТ

Ооган согушунун бүткөндүгүнүн 36 жылдыгынын урматына Баткен шаарындагы мектептер арасында жогорку класстын окуучулары спорттун волейбол түрү боюнча №4-мектепте мелдеш өткөрүүдө.

Спорттук иш чаранын ачылышына Баткен шаарын мэриясынын социалдык-маданий өнүктүрүү секторунун башчысы Мансурбек Маматисаев, Баткен шаардык спорт комитети, аскер комиссариаты, Ооган согушунун ардагерлери жана мугалимдер катышты.

Аталган спорттук иш чарага шаар аймагынан жалпы 8 мектептин окуучулары катышып жатат.

Кыздар арасынан 8, ал эми балдар арасынан 5 команда ат салышат.